«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Нуржан Жолдыбалинов

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Нуржан Жолдыбалинов

Китепкана ишиндеги инновациялык технологиялар. «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун жеңүүчүсү Нуржан Жолдыбалинов бир караганда бири-бирине төп келбеген IT-адистиги менен китепканачы кесиптерин бириктирди. Ал Улуттук электрондук китепкананы жана Казакстандагы китепканалардын бирдиктүү каталогун түзүүчүлөрдүн бири. Анын негизги максаты, бардык китеп фондун санариптүү форматка которуу.

НУРЖАН ЖОЛДЫБАЛИНОВ, КР УЛУТТУК АКАДЕМИЯЛЫК КИТАПКАНАСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУНУН МИЛДЕТИН АТААРУУЧУ:

Азыркы заманбап технологиялар доорунда электрондук китептер кагаз китептерине жардамчы болуп келди. Мисалы, бир даана чыккан китепти бир эле адам окуй алат. Эгер аны электрондуу түргө өткөрүп койсо, аны миллиондогон колдонуучулар окуй алышат. Бир гана Казакстанда эле эмес, чет өлкөдө дагы.

Бүгүнкү күндө Казакстандын улуттук китепканасы бир убакта 500 адамга чейин кабыл ала алат. Ал эми республиканын негизги сактоо фондунда 2 миллиондой китеп бар. Алардын 42 миңин Нуржан Жолдыбалинов электрондук форматка өткөрдү. Анын бардыгы Казакстанда жазылып, чыгарылган же ошол өлкө жөнүндө эскерүүлөрдү алып жүрөт. 2020-жылга чейин “Казакстандын 100 жаңы ысым” долбоорунун жеңүүчүсү “Руханий жаңыруу” программасынын алкагында бардык казак фондун бир порталга кошууну көздөп жатат.

АРАЙ КАДИЛБЕК, КИТЕПКАНАЧЫ:

– Биздин китепканага келгендердин санын алып караганда, алардын буйругу менен, китептер акыркы убактарда көптөгөн суроо-талапка ээ деп айтса болот. Китеп окуугандардын саны өсүп жатканы байкалат. Мисалы, эгер китепканага иш күндөрү 120дай адам келсе, ишемби, жекшемби күндөрү 200гө жетет. Алар тарабынан тапшырык берилген китептердин саны 700гө жетет. 

Жаш IT – адиси дагы бир долбоор – бирдиктүү окуу билетинин үстүндө иштөөдө. Мунун арты менен китепкананын кызматын Казакстандын кайсы аймагында болбосун пайдаланууга мүмкүн. Билетке ар бир жарандын жеке күбөлүгүндөгү номери жазылат. Программалык камсыздоо башка системалар менен интеграцияга даяр.