“Президенттин 5 демилгеси” программасынын алкагында Казакстандык студенттерге мурда болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүлүүдө. ЖОЖдорго өтүү үчүн 20 миң грант бөлүнгөн, алардын 11 миңи суроо-талап жогору болуп жаткан техникалык адистиктерге каралган. Булар инженерлер, маалыматтык технологиялар, робот жана нано-технология чөйрөсүндөгү адистер.

РИШАТ РАМАЗАНОВ, ЧКО ТЖКБ ЖАНА КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- 2017-2019 - окуу жылдары билим берүү гранттары менен 26% студенттер камсыз болгон.  Эми бул жылы “Президенттин 5 демилгесинин” жардамы менен бул көрсөткүч дагы да өсөт. Аталган иш-аракеттер Чыгыш Казакстан облусунун билим берүү деңгээлин жогорулатат деп ишенем.

Уран жана бериллий өнүктүргөн Ульбин металлургиялык заводуна кесиптик кадрлар абдан кылдат тандалат. Бирок, өнөр жайлуу аймакта жаңы санариптик жабдыктар менен иштеген адистер абдан аз. Аталган көйгөйдү чечүү үчүн жаңы IT-адистерин даярдашат.  Казакстандык компаниялар жана аймактык жогорку мекемелердин базасында 20 IT-борбору ачылат. Бул борборлордон жылына 35 миң адам билим алат.

ВАЛЕРИЯ ГАМУЛИНА, МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЗАВОДДУН МЕНЕДЖЕРИ:

- Азыркы тапта биздин заводдо инженерлер, механиктер жана энергетиктердин жетишсиздиги сезилип жатат. Бүгүнкү күндө биз кадр даярдоо тармагында кызматтыштыкты орното баштадык. Бул өнөктөштүк ядролук энергетика жана уран өндүрүш өнөр жайындагы жаңы технологиялар багытында адис даярдоону көздөйт.

Жаңы окуу жылында Чыгыш Казакстан облусунун жаштары үчүн облусттук гранттарга кошо, эки жарым миң республикалык грант бөлүнөт. Ал эми Түндүк Казакстанда бөлүнгөн гранттарга кошумча 29 жаңы адистик  ачуу болжолдонууда. Аны менен катар, билим гранттарынын баасы да өсөт.

ЕРБОЛ ИСАКАЕВ, М.КОЗЫБАЕВ АТЫНДАГЫ СКМУнун ПРОРЕКТОРУ:

- Техникалык жана айыл чарба адистерине бөлүнө турган гранттардын баасы улуттук ЖОЖдордогу гранттардын деңгээлине чейин көтөрүлөт. Бул өтө жакшы. Себеби, бул бөлүнө турган гранттардын баасына техникалык жабдыктоо жана окутуучулардын айлык акысы кирет.

ЖОЖдордун башчылары кошумча бөлүнө турган 20 миң билим гранты жаштардын башка өлкөгө кетүү сыяктуу көйгөйдү оң жака чечүүгө өбөлгө болот деген ойдо.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии