Алар өз жетишкендиктери менен жашоону өзгөртүшөт, алардын ийгилик сыры - эрдик, талант жана кесипкөйлүк. Алар биздин заманыбыздын каармандары, алардын  ар бири - Казакстандын сыймыгы. «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун катарын Зүлфия Габидуллина толуктайт. Эрдик, жигердүүлүк менен тырышчаактыгы аны жеңишке жеткирип, сүзүү боюнча Казакстандын тунгуч чемпиону кылды. Бүгүнкү күндө атактуу спортчунун куржунунда 200дөн ашуун медаль бар. Казакстандын атын дүйнө жүзүнө таанытып келе жаткан инсан Зүлфия быйыл тогуздун айында Индонезияда өтө турган параазиялык оюндарына даярданып жаткан учуру.

ЗҮЛФИЯ ГАБИДУЛЛИНА, СУУДА СҮЗҮҮ БОЮНЧА ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ЖЕҢИЧҮҮСҮ:

- Менин сүйүктүү кызым өмүрүмө кубат берип турган батарея десем болот. Ал мага  токтоп калууга жол бербейт. Эң башкысы жалкоо болбой жана өз ишиңди, кесибиңди сүйүү керек. Сүйө билген кезде гана бардык нерсе кыйла кызыгыраак болуп, коркпой алдыга умтуласың.

САТТАР БЕЙСЕМБАЕВ, СУУДА СҮЗҮҮ БОЮНЧА КР ЭМГЕК СИҢИРГЕН МАШЫКТЫРУУЧУСУ:

- Аталган талапкер өтө эмгекчил, жоопкерчиликтүү, машыгуулардан калбайт. Жашоого сүйүү менен карайт.  «100 жаңы ысым» долбоорунун жеңичүүсү болууга ылайыктуу адам. Биз Казакстан үчүн алдыга койгон пландарыбыздын 150-200 пайызга аткардык деп ойлойм.

«100 жаңы ысым» долбоорунун дагы бир жеңичүүсү эки миң баланын бутуна бекем турушуна көмөктөшкөн. Ага Казакстан менен Орусиянын булуң-бурчунан балдарды алып келишет. Карагандалык ортопед Роза Алимханова тирек-кыймыл аппаратынын тубаса кемтигин дарылоо ыкмасынын автору. Өзүнүн илимий изденүү процессинде дарыгер-новатор салттык оперативдик аралашуу жана күч колдонуудан баш тарткан. Анын дарылоо ыкмасы – буттун бош турган булчуңунда.

РОЗА АЛИМХАНОВА, ДАРЫГЕР-НОВАТОР, МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- Деформациянын негизинде гана таман 247 түрлүү деформацияларды айырмалай алат. Ортопедиядагы азыркы дарылоо ыкмалары эскирген. Психикалык өнүгүү калыбындагы бала келечекте такыр эле майыпка айланып жатат. Мурда ортопед адистери таманды гана тартып, түздөп дарылашкан. Бирок, мен бардык көйгөй таманда эмес, жамбаш менен шыйрак булчуң эттериндеги процессте экендигин түшүндүм.

Илимий доктур 30дан ашуун инновацияга патент алып, эл аралык деңгээлде таанылган. Таланттуу дарыгерди Европа менен Кытай өлкөлөрү жумушка чакырышууда. Бирок, Роза Алимханованын кыялы өз ата мекенинде атайын адистештирилген дарылоо борборун ачуу.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии