Казакстандын Президентинин 5 дүйнөлүк демилгеси: Газдаштыруу

Казакстандын Президентинин 5 дүйнөлүк демилгеси: Газдаштыруу

Казакстандын Президенти сунуштаган демилгелердин газдаштыруу багыты боюнча Алматы облусунун 20 районунун он төрту көгүлтүр от менен камсыз болду. Мындан тышкары, белгиленген мөөнөттөн мурун Талдыкорган-Үчарал магистралдык газ түтүгүн курууну баштоо мерчемделүүдө. Азыркы тапта  долбоордук-смета документ иштери жүрүүдө. Аймакты газдаштыруу иштери 2020-жылы бүтөт деп убадаланган.

АСЕТ КАНАГАТОВ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТКЧ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

-Башында бизде Алматы облусу боюнча 741 калктуу конуш болгон, алардын 473 газдаштырууга тийиштүү. Алардын катарына Кеген жана Нарынкола кирген эмес.  Азыр болсо чек аралаш аймактарды өнүктүрүүнү эске алуу менен, ал жака да долбоордук-смета документи иштелип чыгат жана көгүлтүр от жеткирилет. Ушул жылы долбоордук-сметалык документти иштеп чыгып, кийинки жылы курулуш иштерин баштайбыз.

 

Ал эми, «Кызылордо-Жезказган-Караганды-Темир Тоо-Астана» багыты боюнча салына турган «Сарыарка» магистралдык газ түтүктөрү аяктаган соң, 2020-жылы Жезказган шаарынан 10 чакырым алыс жерде газ тарата турган бекет салынат. Азыр анын долбоордук-сметалык документтери даярдалып жатат. Ушуга кошо шаар ичине тартыла турган түтүк системасынын схемасы жасалган.

НУРЖАН ОРЫНБАЕВ, ЖЕЗКАЗГАН ШААРЫНЫН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Бекболат сай, Костангелди кичирайондорун, Геология калктуу конушун, ошондой эле бекет аймагындагы калктуу конуштарды, 91-95-кварталдарды, бир сөз менен айтканда, жылуулук жетишсиз болуп турган аймактарды биринчи кезекте көгүлтүр от менен камсыз кылабыз.

 «Сарыарка» газ түтүгүнүн 820 чакырымы Караганды облусунун аймагы менен өтөт.  Орточо эсеп менен 120 айыл жана 5 ири шаарды көгүлтүр от менен камсыздоо мерчемделүүдө. Азыркы тапта ушул бөлүктү ишке ашырууга багытталган механизмдер иштелип жатат. Адистердин айтымында, көгүлтүр отту үзгүлтүксүз берүү эң негизги милдеттердин катарында.