Казакстандын агро багытынын өнүгүсүүнө белгилүү селекционер Александр Подольскихтин кошкон салымы ат көтөргүс. Ал 150дөн ашуун илимий эмгектин, 4 патенттин автору. Далай жылдар бою Ыбрай Жакаев атындагы Казак күрүч илимий изилдөө институтунда тер төккөн окумуштуу - Казакстандын «100 жаңы ысым» долбоорунун жеңичүүсү. Күрүчтүн жаңы, сапаттуу сортторун чыгарууга бел байлап жүргөн жаран тажрыйбасы менен бөлүшүүдөн качкан эмес. Новатор өзүнүн иштеп чыгууларында селекциондук процесстин натыйжалуулугун 10 эсе жогорулаткан заманбап ыкмаларды колдонгон.

ГҮЛМИРА АШИРБЕКОВА, «РУХАНИЙ ЖАҢЫРУУ» БОРБОРУНУН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Окумуштуунун жолу өтө татаал. Ал дал ушул татаал жолдо өзүнүн сабырдуулук жана тырышчаактыгы менен зор ийгиликтерди багындырып, күрүчтүн жаңы сортторун алып чыга алды. Александр Николаевич казак илимине эбегейсиз салым кошту.

Александр Подольских өзүнүн кесиптештери менен биргеликте күрүчтүн «Ак маржан», «Кубань», «Арал», «Айсауле»  өңдүү сортторун киргизе алды.  Акыркы жылдары ал  «Сыр сулуы» сортун сынактан ийгиликтүү өткөрүп жатат.

АЛЕКСАНДР ПОДОЛЬСКИХ, ОКУМУШТУУ-СЕЛЕКЦИОНЕР:

- Азыр күрүчтүн сабагындагы дандын жемиштүүлүгүнө өзгөчө маани берилет. Мисалы, ар бир гектардан алына турган өнүмдү 100 центнерге жеткизебиз десек, бирок сабагындагы дандын жемиштүүлүгү 40 пайыздан ашпаса, максат ишке ашпайт. Ошондуктан биздин чыгарган «Сыр сулуы» жана «Айкерим» сорттору ушул талаптарга толук жооп берет.  Эң башкысы көп жумушту талап кылбайт жана жер тандабайт.

Окумуштуу Казакстандын аба ырайына туруктуу күрүч сортторун өндүрүшкө киргизүүнү көздөөдө.



Комментарии