«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Мурат Кабылбаев

«Казакстандын 100 жаңы ысымы»: Мурат Кабылбаев

Миллиондогон казакстандыкка үлгү болуу... «Казакстандын 100 жаңы ысымы» долбоорунун экинчи этабына кирип калууга ар бир жарандын мүмкүнчүлүгү бар. Азыркы тапта аталаган долбоорго өтүнмөлөр кабыл алынып жатат. Андан кийин жапырт добуш берүү башталат. Ал эми былтыр долбоордо өз багын сынап, мыкты жүздүктүн катарында болгондордун ичинде жетим балдарды өз камкордугуна алган Мурат Кабылбаев да бар. Азыр анын үй-бүлөсүндө 13 бала тарбияланып жатат. Алардын 12си балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү. Ар бири ар кайсы улуттан болсо да, бардыгы бирдей казакча сүйлөп, казак салтын бекем кармашат.

ТӨЛЕГЕН БУЛКИН, М.КАБЫЛБАЕВДИН ТАРБИЯЛАНУУЧУСУ:

- Атабыз бизге бардык тараптан тарбия берет. Спорт, коомдук жайларда өзүндү кантип алып жүрүү керектигин үйрөтөт. Бардык жагынан классташтарыбыздан алдыдабыз. Атабыздын жардамы чоң. Абай окууларынан 50 ыр окуп, 3-орунду алдым. Бизде жума сайын үй-бүлөлүк тарбия чогулушу болот. Ошол үй-бүлөлүк жыйналышта атабыз бизге көп нерселерге үйрөтөт.

Чоң жана ынтымактуу үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирине ар дайым колдоо көрсөтүп турат. Ар биринин өз кыялы бар. Айрымдары келечектеги адистигин тандап койгон. Бирок, балдардын атасы Мурат Кабылбаев,  өсүп келе жаткан муунга эң биринчи адамдык касиеттерди үйрөтүүгө аракет кылып келет.

МУРАТ КАБЫЛБАЕВ, БАЛДАРДЫ АСЫРООЧУ, КООМДУК ИШМЕР:

- Азыркы тапта мага Казакстан боюнча ар кайсы облустан чалып жатышат. Жетим балдарды тарбиялоо жаатында кеңеш сурап Орусия, Кыргызстандан да телефон чалышат. Мисалы, бизде Казакстанда «Асыроочу ата-энелер мектеби» деген азырынча жок. Көпчүлүгү балдарды асырап алганда кичине кыйынчылыктарга дуушар болушат. Азыр интернет аркылуу онлайн мектеп ачып, бир тайпа түзүп, онлайн сабак берүү оюмда бар

Ал эми Алматылык Тимур Рысбеков аталган улуттук долбоордун тизмесине кирген алгачкы окуучу. Билими менен жөндөмдүүлүгү жогору жаш өспүрүмдун коомдук, медицина, космос тармагына арнаган бир нече долбоору бар. Азыркы тапта Тимур 72 ойлоп табуусунун 28ин патенттеген. 2017-жылы эл аралык сынакка катышып, 77 химиялык реактивди аныктай турган робот сунуштаган. Анын космонавтика тармагына арнаган ойлоп табуусу чөнтөк телефон аркылуу башкарылат. Робот ачык космосто бардык тапшырмаларды аткара алат. Тимур жакында бул эмгегин Америкага алып барып, багын сынап көрөт. Жаш талант NASA уюштурган сынакка катышат.

ТИМУР РЫСБЕКОВ, ОЙЛОП ТАБУУЧУ:

- Баш оона айында биз эл аралык платформага чыктык. Дүйнөлүк серепчилер долбоорубузду жогору баалап, НАСА уюштура турган ири сынакка чакыруу алдык.

340 миң казакстандык көрсөтүлгөн долбоордун биринчи этабында, талапкерлерге бир жарым миллиондой добуш берилген. Эскерте кетсек, “Казакстандын 100 жаңы ысымы” долбоорунун 2-этабына татыктуу талапкерди өлкөнүн ар бир жашоочусу сунуштай алат. Өтүнмөлөр тогуздун айынын 15не чейин кабыл алынат.