Бүгүн, Казахстанда Элдердин биримдик күнү белгиленип жатат. Бул майрам маани-маңыз менен толтурулган. Биздин өлкөдө 130дан ашуун улуттар жашап келет. Республикада уникалдуу этносттор жана конфессия аралык келишимдер модели өз ишин ийгиликтүү аткарып келет. Эл арлык эксперттердин айтымында дал ушул модел Казахстандын саясий, эконмикалык жактан өнүгүүсүнө негиз болуп жана дүйнөдөгү эң атаанташтыкка туруштук бере алган өлкөлөрдүн катарын толуктоого  шарт түздү. Бүгүнкү күндө казахстандык модель, көп өлкөлөр үчүн мисал болуп келе жатат.

САЛМАН ГЕРОЕВ, АСТАНА ШААРЫНДАГЫ «ВАЙНАХ» ЧЕЧЕН-ИНГУШ ЭТНОМАДАНИЯТ БОРБРОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Менин вайнахтык элим, 25 жылдан бери башка улуттар менен биргеликте өлкөнү куруу жана башка иш-чараларда катышып келе жаткандыгына сыймыктанам.

Элдер биримдиги 1996 жылдан бери белгиленип келе жатат. Бул башка элдердин  маданияты, үрп-адаттары менен таанышууга жана өз салттарын кайра эске салууга сонун мүмкүнчүлүк. Ар бир этно маданий борбор-  республика боюнча алардын саны 600дөн ашат. Аталган борборлор дал ушул күнү  өзүнүн жетишкендиктерин жана ийгиликтерин көрсөтүшөт.

ЛЯЗЗАТ ХАМЗИНА, «ЧЕНРЮ» ЭЛДИК ХОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул күнү биздин жамаат, борбор жашоочулары үчүн өзүнүн ыр-бийлерин тартуулашат. Негизинен бул майрамды, баардыгы абдан жакшы көрүшөт, анткени биз дал ушул күнү борбордун чоң-чоң сахналарында, өз өнөрлөрүбүздү тартуулайбыз.

Президенттин демилгээси менен түзүлгөн, Казахстан элдеринин Ассамблеясы мамлекеттик этносаясатты жөнгө салган реалдуу механизм болду деп белгилешет, эсперттер. Бүгүн республикада бардык этностордун  маданиятын, тилин, каада-салттарын  сактап калууга бардык шарттар түзүлгөн. Айтмакчы, өлкөдө 200гө чукул жекшембилик мектептери иштеп келет. Бул жерден казахстандыктар 20дан ашуун тилди үйрөнө алат.  Ата-Мекендик теле жана радио берүүлөр дүйнөнүн 11 тилинде көрсөтүүлөрдү көрсөтүлөт.  Лингивистикалык борборлор менен биргеликте ачылган корей, уйгур, немец театрлары ийгиликтүү иштеп келет. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн сыры жана күчү-биримдикте, ынтымактыкта, сый-урматта. Дал ошондуктан бүгүн, Казахстан дүйнөлүк тартылуу борбор болууда.



Комментарии