ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында «Руханий жаңыруу жана маданий мурас: түрк тили илгеркиден келечекке» аттуу эл аралык форум уюштурулду. Аталган форумга дүйнөнүн 20 мамлекетинен серепчилер, окумуштуулар, дипломаттар, маданияттын жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу иш-чара Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуучуларга жолдонгон саламдашуусунан башталды. Аны Казакстандын Франциядагы элчиси, аталган өлкөнүн ЮНЕСКОдогу дайымкы өкүлү Жан Галиев окуп берди. Кайрылууда, түрк ааламынын алтын бешиги болуп отуруп, Казакстан дүйнөлүк цивилизацияга баа жеткис салым кошо алды деп айтылат. 

ДАРХАН КЫДЫРАЛИ, ЭЛ АРАЛЫК ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

Президенттин “Келечекке көз караш: руханий жаңыруу” макаласы бир гана Казакстанда эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүндө колдоого ээ болду. Бул жерде бизде бир нече максатыбыз бар. Бүгүнкү күндө рун жазмалары, VIII кылымдагы Култегиндин эстелиги изилденүүдө. Президенттин макаласында белгиленгендей, бул жазуулардын, маданияттын жана биздин ата-бабалардын маданиятынын өнүккөнүнөн кабар берет.  

Араб-графикасындагы башкыр жазууларын өнүктүрүү, карлук, алтай, тыва, гага-уз жана кара-им тилдерин сактап калуу бул конференциянын дагы бир темасы болду. Ошондой эле форумда түрк дүйнөсүнө Магжан Жумабаевдин жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын маанилүүгүн белгилешти. Эскерте кетсек, Эл аралык түрк академиясы 2018-жылды Чыңгыз Айтматов жана Магжан Жумабаев жылы деп жарыялаган.

ТИМУР КОЖАОГЛУ, ТҮРК ТААНУУЧУ, МИЧИГАН ШТАТЫНЫН ПРОФЕССОРУКШ/:

Мен Магжан Жумабаевдин чыгармачылыгы тууралуу 1977-жылы, Колумбия университетинде магистратурада окуп жаткан кезимде жазып баштагам. Анда мен анын “Түркстан” ырын англис тилине которгом. Азыр Түрк академиясы анын мен тарабынан англис тилине которулган 16 ырдан турган жыйнагын чыгарды. Жакынкы эки жылда акындын дагы 40 ырын которууну пландап жатам.

ГЕНРИК ЯНКОВСКИЙ, ТҮРК ТААНУУЧУ /ПОЛЬША/:

– Магжан Жумабаев эң чоң жана атактуу казак акындарынын бири деп ойлойм. Анын чыгармачылык мурасы бир гана казак элине эмес, башка да түрк элдерине өтө маанилүү.

АХАТ САЛИХОВ, ТҮРК ТААНУУЧУ /БАШКОРТОСТАН/:

- Анын чыгармачылыгы башкыр акыны Шайхзада Бабичтикине өтө окшош. Мен анын ырын башкыр тилине которгом. Ал казактардын адабиятына чоң салым кошкон.   

Эл аралык Түрк академиясы “Түрк дүйнөсүнүн 100 жүзү” долбоорун ишке ашыруу планы жөнүндө билдирди. Ошондой эле форумдун катышуучулары “Руханий жаңыруу” программасын колдошту. Алардын пикири боюнча, казак тилинин латын арибине өтүшү түрк элдеринин дагы да жакын болушуна өбөлгө түзөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии