Бурабайдагы Абылай хан аянтында аппак боз үйлөр тигилди. Улуттук сейил бак аймагында канат жайган этно айыл саякатчылар үчүн өтө кызыктуу. «Атадан калган асыл мурас» аттуу алгачкы этнофестиваль көчмөн жашоосун көпчүлүккө тартуулады. Мында казактын салт-санаасы менен үрп-адаты көрсөтүлүп, кол өнөрчүлүк буюмдары көргөзмөгө коюлду. Жаштар алты бакан тээп, улуттук оюндар ойнолду. Этно айылга келген коноктордун ичинде чет өлкөлүк коноктор да бар. Алар таң калганын жашырышкан жок. Уюштуруучулардын айтымында, мындай чаралар казактын маданиятын сактоого, жаштар арасында жайылтууга жана этно туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот.  Ушундай максатта мындай этнофестиваль Бурабайда жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.

ТАТЬЯНА КОШМАН, Л.ГУМИЛЕВ АТЫНДАГЫ ЕУУ ОКУТУУЧУСУ:

- Улуттук маданиятты сактоо жана жайылтуунун маанилүүлүгү зор. Бул жерде жаштар көп. Мындай чаралар элибиздин биримдигин арттырат. «Руханий жаралуу» программасы аркылуу казактын бай салтын терең жайылтып, керек болсо дүйнөлүк деңгээлде танытууга болот. Ушундай этно маданий мааракелер ар дайым кызыктуу

МАНФРЕД МЕТЦГЕРБУШЕР, ТУРИСТ /ГЕРМАНИЯ/:

 - Мен Казакстанга алгачкы жолу келип жатам. Казактын ар кайсы салт-санаасын көрүп, таң калдым. Айрыкча улуттук кийимдериңиз өтө өзгөчө экен. Оймо-чиймелери абдан кооз. Ал эми сиздердин конокко пейилдүүлүк менен сунган тамактарыңыз өтө даамдуу. Мага казак ашканасы абдан жагат.

Иртыш облусунда да этно айыл кайрадан ачылды. Шарбакты аймагында өткөн маданий шаарчада казактын улуттук салт-санаасы менен үрп-адаттарынан үзүндүлөр көрсөтүлдү. Жаштар чүкө ойношсо, ак жолуктуу энелер жүн сабап, ийик ийрип, килем согушту. Көп кылымдар бою маанилүүлүгүн жоготпогон казак калкынын кол өнөрчүлүгүнө көпчүлүк таң калышты. Уюштуруучулар бул нерсенин тарбиялык мааниси зор экенин белгилешет. Айрыкча казак элинин унутулуп бара жаткан салт-санааларын кайра жандандырууга жол ачат.

АЙМЕРЕКЕ СМАЙЫЛОВА, «НУР АНА» КООМДУК БИРИКМЕСИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Азыркы тапта апаларыбыз кол өнөрчүлүк сырларын балдарга үйрөтүшүүдө. Алар биргеликте «алаш» жасап жатышат. «Алаш» кандай жасааларын көпчүлүк биле бербейт. Дал ушул нерсени биздин апалар көрсөтүп, сырын айтып беришет.  Өткөн мезгилде биздин апалар бул нерсени абдан мыкты жасагандыктан, кийимдер көп жылдар бою кийилген.

Казакстандын бай жана өзүнө гана таандык болгон маданият мурасы - ал элдин баа жеткис казынасы. Этно туризмди өнүктүрүү - Казакстандын тарыхый баалуулуктарын  сактап калуунун бир жолу.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии