«Бабалардын изи менен» тарыхый-илимий экспедициясы АКШда өз изилдөөлөрүн жүргүздү. Изилдөөчүлөр  Лос-Анжелесте кенен маалымат чогултуп, Аризона штатынын Пейдж жана Флаг-стафф шаарларында болушту. Изилдөөчүлөрдүн башкы максаты - кээ бир америкалык индеецтер Америка континентине азыркы Алтайдан келген деген теорияны изилдеп чыгуу. Сөз Түндүк Америкадагы саны боюнча 2-орунда турган Навхо уруусу жөнүндө болууда

 КАЙЛТОН БЕНАЛЛИ, ПЕЙДЖ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Биз жылкынын этин жеп, кой багып жана алардын жүнүн колдонобуз. Ата-энени жана улууларды сыйлоо - ар бирибиздин негизги мыйзамыбыз.

Изилдөөчүлөр  Кайлтондун тукумун, Алтай жашоочуларынын ДНКсы менен салыштырууну көздөп жатышат. Анализдин жыйнтыктары жакын айларда белгилүү болот. Ошондой эле окумуштуулар, Пейдж шаарынын музейинде болушту. Алар Навхо элинин күнүмдүк турмушун изилдешип, биздин эл менен көп окшоштуктары бар экенине ынанышты.

САПАР ИСКАКОВ, «БАБАЛАРДЫН ИЗИ МЕНЕН» ЭКСПЕДИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биздин жашоо турмушубуз менен навахо уруусунун ортосунда көп окшоштуктар бар. Алардын жашаган үйү казахтардын боз үйүнө окшош. Биз жашаган үйүбүздүн үстүн койдун жүнүнөн жасалган кебез менен жабабыз. А алар болсо үйлөрүн жыгачтан жасашат.  Үйлөрүнүн бет маңдайы, биздей эле чыгышты карайт. Биздин ата-бабаларыбыз ар дайым эшикти чыгышты каратып үй салышчу. Себеби күндүн нуру тийген үйгө кут береке кирет деп ишенишкен.

Экспедициянын өкүлдөрү, 14-кылымда жашаган Флаг-стафф шаарында жайгашкан Уолнат каньонун да изилдешти. Алар таш үңкүрлөрдө жашашкан.  Азыркы тапта бул жер эл көп келген паркка айланган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, алдыда боло турчу изилдөөлөр жаңы илимий фактарды чыгарат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии