Санариптештирүүнүн ийгилиги

Президент Нурсултан Назарбаев Казакстан элине кайрылуусунда өлкөгө заманбап агротехнологияларды тартуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи. Санариптештирүү - агрардык өнөржай комплексин өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө аймактарда  жаңычылыктар ийгиликтүү колдонулууда.

Павлодар облусундагы чарбачылыктардын биринде аба ырайынын ар кандай шартында туруктуу түшүм алынып жатат. Навигациялык жабдыктар менен жабдылган техниканы башкаруу дыйкандарга артыкчылык берүүдө.

ИГОРЬ НОЧЕВКА, МЕХАНИЗАТОР:

- Системанын жардамы менен параметрлерди белгилейбиз. Мисалы, трактордун жүрө турган жолун жазам. Кийин GPS навигатордун жардамы менен түшүм алына турган тилкелердин бою менен жүрүп өтөбүз. Ушундай жагдайда биз керек эмес жерде жүрөбүз деп тынчсызданбайбыз. Бардык ишти заманбап техника бүтүрөт.

Заманбап технологияларды карагандылык чарбалар да колдонуп баштады. Нура районундагы ушул дыйканчылык быйыл 37 миң гектар талаага дандуу жана майлуу өсүмдүктөрдү себишкен. Быйыл бул жерде биринчи жолу жаңы технология колдонууга киргизилди. Сыноо катары 500 гектар талаага дан себилип, гектарынан 40-45 центнер түшүм алынып жатат.

ГЕОРГИЙ ПРОКОП, ЧАРБАЧЫЛЫК ЖЕТЕКЧИСИ:

- Алгач талаанын электрондук картасын түздүк. Тажрыйба катары 500 гектар жерден топурак үлгүсү алынып,  санариптик технологиянын жардамы менен курамындагы фосфор, калий, азоттун өлчөмүн аныктадык. Ушуга кошо тыкыр текшерүү үчүн Европадагы лабораторияга жибердик.

Санариптик технология чарбачылыктагы картошка талаасына да киргизилди. Өткөн жыл менен салыштырганда түшүм 23 пайызга жогору.

ДИДАР АКЫШЕВ, МЕХАНИЗАТОР:

- Картошканы үчүнчү жыл катары менен эгип жатабыз. Өткөн жылы 220 гектар болгон. Быйыл 450 гектарга киргиздик. Бир гектардан 40 тоннадан түшүм алып жатабыз. Өткөн жылы 35 гектар болсо, быйыл кырктан айланууда.

Белгилей кетсек, бул жылы санариптештирүүнүн пилоттук долбооруна Казакстандын 9 дыйкан чарбасы катышып жатат. Анын экөө Караганды облусунда.