Улуттук космос борбору инновацияга маани берип жатат

Улуттук космос борбору инновацияга маани берип жатат

Казакстандын Улуттук космос борбору инновацияга көңүл буруп жатат. Ушул максатта өлкөнүн коргоо күчтөрүн бекемдөө жана кибер коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 30 чакты долбоорду ишке ашыруу көздөлгөн. Ушуга кошо, республикада спутниктердин жаңы муундагы өндүрүштөрү жолго салынат. Учкучсуз уча турган түзмөк мамлекеттик чек ара менен ракеталарды коргоо үчүн колдонулат.

АСЕТ БАЙСЫНОВ, КР КАЭӨМ ИЛИМИЙ-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Мисалы, азыркы тапта кандайдыр бир объектке түз тийүү үчүн 10 ракетаны атуу керек болсо, модернизациядан кийин бир гана ракетанын жардамы менен бул максатка жетүүгө болот. Учкучсуз аба аппаратын колдонуу да ушул сыяктуу. Технологиялар күндөн-күнгө жакшырууда. Башкача айтканда, каалаган операцияларды ал жерге аскерлерди аттандырбастан, алыс аралыктан жүзөгө ашырууга болот.

Бул түзмөктөрдүн кээ бир курама бөлүктөрүн космос аппараттарын кураштыруу - сыноо комплексинде даярдоо көздөлүп жатат. КМШдагы теңдеши жок жалгыз өндүрүш очогун келерки жылы ачуу көздөлгөн.

АЙБЕРГЕН РУСЛАН УУЛУ, КАЗАКСТАН-ФРАНЦИЯ БИРДИКТҮҮ ИШКАНАНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз 3D принтерде титан же алюминий сыяктуу күкүм материалдарды селективдүү ээритүү ыкмасын колдонуу менен бөлүктөрдү чыгарабыз. Бул жерде конструктордук бюро инженерлердин ойлорун ишке ашырабыз.

Спутникке арналган дагы бир ноу-хау азыр сыноодон өткөрүлүп жатат. Аны казакстандык окумуштуулар ойлоп чыгышкан.

ДАНИЯР КАКПЕНОВ, 3D-ПРИНТИНГ ТАРМАГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Келечекте бул бөлүк азыркы панелдердин ордун басат. Азыркы тапта пайдаланылган панель 3 бөлүктөн, 2 дубалдан жана панелдин өзүнөн турат. Ал эми, биз сунуштап жаткан бөлүктүн монолиттик түзүлүшү бекем. Анын салмагы уруксат берилген чектен ашпайт.

Белгилей кетүүчү жагдай, казакстандык спутниктердин пайдалануу чөйрөсү өтө кеңири. Алар Казакстандык айыл чарба тармагында да жигердүү колдонулат. Бул аппараттар Жерди алыстан байкаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Ушундай жагдайда өлкөдөгү эгин жыйноо жараянын космостон көзөмөлдөөгө болот.

ГҮЛНАР КАБЖАНОВА, ГЕОМААЛЫМАТТЫК КАБАРЛАР ЖАНА ТЕЙЛӨӨЛӨР БОРБОРУ МААЛЫМАТТАРДЫ ТЕМАТИКАЛЫК ИШТЕТҮҮ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Жерди алыстан байкаштыруу маалыматтарына ылайык, данды ким, кайсыл убакытта жыйнаганын билүүгө болот. Ар бир талаанын данды жыйноо убакыты белгиленген. Башкача айтканда, себилген убакыттан баштап баары көзөмөлдөнөт.

Коргоо министрлиги менен Аэрокосмос тармагынын көптөгөн ийгиликтерин тизип айтуу мүмкүн эмес. Себеби, алардын көпчүлүгү сырдуу маалымат катары саналат.