Альтернативалык энергия булактарын айыл чарбасында пайдалануу

Альтернативалык энергия булактарын айыл чарбасында пайдалануу

«Жашыл экономика» – Казакстандын жигердүү өнүгүшүндөгү эн маанилүү куралдарынын бири. Казакстан алгачкылардан болуп, дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде «жашыл экономикага» өтүү тууралуу мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык документке кол коюп, 5 жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырып келет. Белгилей кетсек, Казакстанда 2020-жылга чейин 34 кайра жанма энергия объектиси, анын ичинде шамал, гидро жана күн электр станциялары колдонууга берилет.

Азыр альтернативалык энергия булактарын айыл чарбасында пайдалануу жигердүү жүргүзүлүүдө. Жашыл технологиялардын эффективдүүлүгүн батыш казакстандыктар да жогору баалап жатышат. Бул жердеги чарбачылыктардын көбү күн генераторлорун сатып алып, пайдасын көрүшүүдө. Заманбап технология алыскы жайыттарда мал чарбачылык менен алектенүү ишин жеңилдетет.

АРМАТ ХАЙРУЛЛИН, АКЖАЙЫК РАЙОНДУК ИЧКИ САЯСАТ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Өкмөт тарабынан чарбачылыктарга көптөгөн жардамдар көрсөтүлүп жатат. Башкача айтканда, өз акчасына орнотмо сатып алган болсо, өкмөт тарабынан 80 пайызы субсидиялоого тапшырылат.

Жалпы, аймакта альтернативалык энергия булагын  250гө жакын чарбачылык пайдаланат. Эгер жабдыктын баасы 2,5 миллион теңгеден ашып кетсе, мамлекет чыгымдардын 80 пайызын кайтарып берет. Инвестициялык салымдарды субсидиялоо программасы боюнча жергиликтүү фермерлерге быйылкы жылы болжол менен 300 миллион теңге төлөндү.

Маңгыстау облусунун фермерлери да альтернативалык жана кайра жанма энергия булактарын пайдаланууда. Каракия районунун мал өстүрүүчүлөрү күн батареяларын кудуктан суу соро турган моторлорду, сүт тарта турган машиналарды кубаттандырууга, ферманы жарыктандырууга колдонушууда. Чарбачылыктын ээси Өтепберген Жуманазаров «жашыл» энергияны бир жыл мурун колдоно баштаган. Аз убакыттын ичинде ал кабыл алган чечими туура экенине көзү жетип отурат.

ӨТЕПБЕРГЕН ЖУМАНАЗАРОВ, ИШКЕР:

- Мен замандан артта калбайын деп жабдыкты сатып алдым. Суткасына 4,5 кВт биздин ишмердүүлүгүбүзгө толугу менен жетет. Эч кандай чыгаша жок.

Аймакта дагы башка энергия булагынын мүмкүнчүлүгүн колдонуп көрүү көздөлүүдө. Мисалы, эки инвестор Жетибай конушунда жалпы кубаты 15 мВттык эки шамал электр станциясын салууну көздөп жатат. Станциянын бири  күнүнө 10, экинчиси 5 мВт ток өндүрөт. Алар 2019-жылы колдонууга берилет.