Павлодар облусундагы агро өнөр жай комплексин санариптештирүү

Павлодар облусунда санариптик технологиянын аркасы менен буурчак себилген талаалардан мол түшүм жыйналды. Өткөн жылы 1200 тонна жасмык жыйналып, Түркия рыногуна жеткирилген. Бул – Павлодар облусунун чарбачылыктары үчүн салттуу эмес өсүмдүктү алыскы чет өлкөлөргө жеткирүүдөгү алгачкы тажрыйбасы. Бүгүнкү күндө ишкерлер түрк бизнесмендери менен жаңы өндүрүштү жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Азыркы тапта дандын 60 пайызы жыйналды.

НУРБОЛАТ МАКАШЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Гектарынан 11,5 центнерден айланып, 500-550 миң тонна түшүм жыйнайбыз деп жатабыз.

АНДРЕЙ КОРОБКИН, БРИГАДИР:

- Ушул талаадагы түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү – 14,3 центнер. Мындан да көп жыйналат деп ойлойм. Буга чейинки талаадан гектарынан 25 центнер жыйнадык.

Буурчак өсүмдүктөрү баштапкы иштетүүдөн өткөн. Акыркы мезгилде ал фотосепаратордо иштетилет. Бул – инновациялык тазалоо технологиясы. Атайын орнотулган фотокамералардын эсебинен ар бир дандын сапаты аныкталып, жараксыздары алынып, сорттолот. Фотосепаратордук комплекс сары кычы даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Быйылкы эгин жыйноо убагы толук санариптик технологиялардын негизинде жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү абзел. Шарбакты районунда талааларды санариптештирүү соңуна чыгып, эми жайыттарды ушул системага өткөрүү иши колго алынып жатат.

СЫМБАТ ШАХМЕТОВА, ШАРБАКТЫ РАЙОНУНУН АКИМИАТЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Бардыгы электрондук форматка өткөрүлөт. Дыйкандар коому жаздагы талаа, күздөгү жыйын-терим алкагында өз талааларын онлайн-режимде көзөмөлдөп, кагаз иштеринен оолак болот. Бүгүнкү күндө заманбап технологияны өздөштүрүп жатабыз.

Азыр Павлодар облусунда күйүүчү майды электрондук жол менен бөлүү боюнча пилоттук долбоор ишке кошулду. Бул эгинди жыйноо жараянын алгылыктуу тездетет. Жергиликтүү дыйкандар жыйын-терим иштерин алдыдагы эки аптада аяктоону көздөп жатышат.