АӨЖ санариптик технологиялар

Санариптик система – агро өнөр жай комплексин жигердүү өнүктүрө турган негизги фактор. Жаңы технологиялар тоскоолдуктарды азайтууга, аба ырайынын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, талаа иштерин пландоого жардам берет. Санариптештирүүнүн аркасында өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга шарттар түзүлүүдө. Бүгүнкү күндө чарбачылыктар так дыйканчылык элементтерин киргизүүнү колго алышкан. Белгилей кетсек, республикада пилоттук долбоор иштеп жатат. Экспериментке казакстандык жана австриялык селекциянын катуу буудайынын 2 түрү катышты.

КЕНЖЕ АБДУЛЛАЕВ, БАРАЕВ АТЫНДАГЫ ДАН ЧАРАБАЧЫЛЫГЫНЫН ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК БОРБОРУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул жыл биз үчүн эң ийгиликтүү жыл болду деп айтсак жаңылышпайбыз. Аны менен бирге илимий жактан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы да мол натыйжа бере алды. Быйыл «Так эгин чарбачылыгы» долбоору ийгиликтүү ишке кошулду. Мурда 30 гектар, 20, ошондой эле, 40 гектар эгин талааларына изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болсо, так дыйканчылык долбоорунун аркасында быйыл болжол менен 3 миң гектар жерге таржрыйба жүргүзө алдык. Ал эми, үч миң гектар жер дегенибиз – мол түшүм. Ошондуктан ушул жылы «так эгин чарбачылыгы» долбоорунун негизинде ата мекендик селекциядагы жайдык буудайдын эки түрдүү сортуна тажрыйба жасалды.

Тажрыйба натыйжасы күткөндөн да жакшы болду. Ар бир гектардан 60 центнер – бул түшүмдүүлүктүн рекорддук көрсөткүчү. Аграрчылар муну санариптик технологияларды киргизүүгө байланыштуу экенин айтышат. Белгилей кетүүчү жагдай, долбоор алкагында  инновациялык ыкмалар колдонулган.

КЕНЖЕ АБДУЛЛАЕВ, БАРАЕВ АТЫНДАГЫ ДАН ЧАРАБАЧЫЛЫГЫНЫН ИЛИМИЙ-ӨНДҮРҮШТҮК БОРБОРУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Ушул долбоор алкагында чет өлкөдө чыгарылган жаңы технологиялар колдонулууда. Биз өзүбүздүн жумуштарыбызга ыңгайлаштырып, ишибизди тездетебиз. Ошондуктан, бул жерде дрондор пайдаланылып, талааларды санариптештирүү иштери, агрохимиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт. Дрондорду ар түрдүү колдонуу аркылуу өсүмдүктөрдүн  ыңгайсыз аба ырайына чыдамдуулугу, алардын ооруларын алдын ала аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Дагы бир маанилүү кадамдардын бири – айыл чарбачылыгындагы санариптик технологиялар боюнча адистерди даярдоо. Тармактык мекемеден белгилешкендей, бул жаатта көп иш аткарылууда. Адистерди окутуу үчүн чет өлкөдөн серепчилер чакырылууда.  Бул айыл чарба тармагына маалыматтык технологиялардын кирүүсүн тездетет.