Казакстандык IT компания «Толуктандырылган виртуалдык чындык» кошумчасын ойлоп табышкан

Инновациялык технологиялар ата мекендик экономиканын өнүгүүшүнө түрткү берет. Серепчилердин айтымында, аталган тармак бат өнүгүүдө. Инновацияларды мындан да жигердүү киргизүүгө Мамлекеттин төлөөсүз гранттарды бөлүп жатканы да зор себеп. Алардын катарында мобилдик тиркемелерди жана сайтттарды жасаган копания бар. Аталган IT компания Казакстанда альтернативасы жок «Толуктандырылган виртуалдык чындык» кошумчасын ойлоп табышкан. Долбоорду ишке ашырууга болжол менен 5 миллион теңге каржы жумшалган. Чыгымдар иш жүзүндө толугу менен мамлекеттик инновациялык грант эсебинен жабылды.

АЙНУР ТЕМІРХАН КЫЗЫ, IT КОМПАНИЯ БАШЧЫСЫ:

- Казакстандык адистер кураштырып чыгышты. Көпчүлүк виртуалдык чындык долбоорун биздин өлкөдө жасай алышпайт деп ойлошот. Моделин да, техникалык документтин барын өзүбүз жасап чыктык. 8 жыл бою биз рынокто өз өндүрүштөрүбүздү сунуштап келе жатабыз. Суроо талап көп.

Тиркемени бизнес өкүлдөрү, билим берүү мекемелери жана курулуш тармактары пайдаланышат. IT адистер технологиянын жардамы менен гезит-журнал, кагаз бетиндеги каалган сүрөткө жан берүүгө болот. Мисалы, тамактануучу жайда аштизмени окуп олтуруп, планшет же уюлдук телефонду колдону аркылуу аталган тамакты даярдалуу жараянын көрүүгө болот. Казакстандык инновациялар медицина тармагына да киргизилүүдө. Казакстандык тиш дарыгерлердин бири кариести көзөбөстөн жана пломба койбостон, эмалды табигый  регенерация аркылуу дарылоону ойлоп тапакан. Казакстандык ойлоп табууну колдо максатында мамлекет тарабынан 40 миллион теңге кайтарымсыз каржы бөлүнүп, бүгүнкү күндө жаңы ыкма башка ооруканаларда да пайдаланып жатат.

ИЛЬГАМА ГАСАНОВА, ТИШ ДАРЫГЕРИ:

- Көзөбөстөн жасала турган процедурага болгону 15 мүнөт гана кетет. Бул ыкма негизинен жаш балдарга ыңгайлуу. Кариестин алдын алууга болот.

Жаңы долбоорго мамлекет кайтрымсыз каржынын 3 түрүн сунуштап жатат. Технологияларды коммерцияландырууга -200 млн теңгеге чейин, ишканаларга технология  киргизүү -400 млне теңгедей грант берилсе, тармактарды технологиялык жаңыртууга 500 млн теңе каржы караштырылган.

МЕДЕТ ДҮЙСЕНБАЕВ, «ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИК» АК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Программа 2011-жылдан бер ишке ашырылып келүүдө. Ушул күнгө чейин 14 млрд теңгеден ашуун 340 келишим жасалган. Биринчи мезгил  кулжа айынын 16сынан теке айынын 16сына чейин болгон, ал жака 63 өтүнмө кирген.

АСХАТ ЖАПСАРБАЙ, КР ИӨМ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- 2013-жылдан бери 7,1 млрд тенге инновациялык гранттарга бөлүнгөн. Алардын 211 долбоору иш жүзүнө ашкан. Мындай гранттар – мамлекет тарабынан инновациялык  экономиканын өнүгүүсүн колдоо максатында берилүүдө.

Белгилей кетсек, ушул инновациялык долбоорлор ишке ашырылган акыркы 3 жылда өлкө казынасына 9 млрд теңгеге жакын салык төлөнгөн. Аны менен катар казакстандык долбоорлорду сырткы рынокко чыгарууну да колго алышкан. Бул багытта азыр Кытай жана Улуу Британия менен иштер жүргүзүлүп жатат.