Айыл чарбачылыгындагы жаңы технологиялар

Айыл чарбачылыгындагы жаңы технологиялар

Санариптик технологиялар Казакстан экономикасынын бардык тармактарына жигердүү түрдө киргизилүүдө. Автоматташтырылган өндүрүш, электрондуу кезек, роботтоштурулган ферма.Ушунун баары жумушту жеңилдетип, өндүрүш менен кызмат сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы технологиянын ийгилигин бүгүнкү күндө Түркистан облусундагы сүт фермасынын ээлери көрүп жатат. Бул жердеги Голштин тукумундагы уйлар күнүнө 10 миң тонна сүт берет. 900дөн ашуун ири кара малдын 200 башы саалат. Бир «робот саанчы» күнүнө 60 уйду үч жолу саайт. Бул жакта Голландиядан алып келинген роботтор кызмат кылат.

АБЫЛАЙ АБИШЕВ, КЫЗМАТТАШТЫК МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул роботтордун айырмачылыгы, азыркы менен салыштырганда бир канча арзан. Мурдагы роботтор 7-8 мүнөттүн ичинде сааса, бул 5 мүнөттө саайт. Бир роботко 60 эмес, 70 уй туура келип жатат. Эми 4-короого ушул 2 роботту койдук. Азыр ишке кошуп жатабыз. Алдыдагы убакытта мыкты болсо, жылдан-жылга уйдун башы көбөйгөндүктөн 5-6 короо салабыз деген план коюп жатабыз.

Мурда короодогу бул жумушту ар бир саат сайын бир адис аткараар эле. Ал эми азыр жумушчунун эмгегин бул робот алмаштырды. «Малчы» деп аталган робот 20 мүнөт иштеп, 40 мүнөт кубат булагынан энергия алат. Салмагы 600 кг. Ишкана азыр өз өндүрүштөрүн өздөрү иштетүүгө өтүшкөн. Бул жерде айран, каймак, курут, быштакка чейин жасалат. Завод күнүнө 50 тонна сүт өндүрүүгө жөндөмдүү. Эң башкысы, даяр өндүрүш таза жана эч кандай татымалсыз. Булар 7-15 күн аралагында салкын жерде сакталат. Сүт заводго жеткирилгенден баштап, лабораториясынын көзөмөлүндө болот.

НУРСУЛТАН ЖОЛЖАНОВ, СҮТ ЗАВОДУНУН САПАТЫН КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Пландарыбыз жалпы завод көлөмүн кеңейтүү. Биздин бөлүмдөн  микробиологиялык бөлүм ачуу. Ал биздин ишибизди жеңилдетет жана биз өзүбүздүн уюткуларыбызды өндүрсөкпү деп жатабыз. Ал эми товарларыбыздын сапатын жакшыртып, анын өздүк баасы болушунча түшөөр эле.

Кызматташтык алдыдагы убакытта бактырылган уй этин даярдай турган завод салууну көздөп жатат. Түпкү максат – сан эмес, сапатка маани берүү.