Казакстан-Индия: Маалыматтык технологиялар тармагындагы өнөктөштүк

Индия Казакстан менен маалыматтык технологиялар тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыктар. «Astana Hub» эл аралык стартаптар технопаркынын ишке кошулуусу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Азыркы тапта Индияда IT тармагы жигердүү өнүгүүдө. Түштүк Азия мамлекети бул багыттагы инновациялары менен бөлүшүүгө даяр. Көз карандысыздыкка ээ болгондон бери өлкөлөр бардык багыттар боюнча мыкты байланышты орнотууга жетишкен. Казакстандагы Индия элчиси Прабхат Кумардын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү жыл сайын өсүп келүүдө. Мамлекеттер инвестициялык байланышты да бекемдеп жатышат. Индиялык компаниялар Казакстандын энергетика, токуу жана фармацевтика тармагына да инвестиция багыттоодо.

ПРАБХАТ КУМАР, КАЗАКСТАНДАГЫ ИНДИЯ ЭЛЧИСИ:

- Индияда IT тармагы өтө жигердүү өнүгүп келе жатат. Биздин өлкөбүздө маалыматтык технологиялар тармагындагы ири ааламдык компаниялар иштейт. Астанада «Астана Хаб» эл аралык IT стартаптар технопаркы ишке кошулду. Индиялык IT компаниялар Казакстандагы стартаптарды кураштырууга колдоо көрсөтүүгө даяр. Ошондой эле, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтык бекемделүүдө. Казакстан – Индия соода жүгүртүүсү бир млрд долларга жетти. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатат. Маданий байланышка да өзгөчө маани берилүүдө. Маданий кызматташтыкты орнотуу өтө маанилүү.