Казакстандагы жашыл технология

Казакстандын бардык облустарында кайра жанма энергия булактарын колдонуу багытында ондогон долбоорлор ишке ашырылууда. Жашыл технологиялар менен альтернативдүү энергия булактарын Костанай облусунун ишкерлери да жигердүү колдонуп жатат. Күн менен шамалдын жардамы аркылуу бизнесмендер электр энергиясына кете турган чыгашаларды эки эсеге азайтышкан. Мисалы, бул эс алуу жайы. Бул жердеги «жашыл» технология бир жарым миң чарчы метр аймакты жарык менен камсыз кылат. 4 жыл мурун алгачкы күн батареяларын ишкер айым Галина Шнайдер орноткон. Азыр объектте 20дан ашуун түзмөк бар. Ошондой эле, ишкер Болотовдун ротордук шамал генераторун сатып алган.

ГАЛИНА ШНАЙДЕР, ИШКЕР:

- Бизде ушундай смарт-система пайда болду. Жалпы шамал электр кубаты саатына 6 кВтка чейин жетет. Эффективдүүлүгү абдан жогору.

Ишкер кайра жанма энергия булактарын орнотуу үчүн беш миллион теңгеден ашуун каражат жумшаган. Азыркы - бул Костанай облусунун аймагындагы жалгыз «жашыл» долбоор. Кийинки долбоорду жергиликтүү бийлик ишке ашырат.

АНУАРБЕК КАСИМОВ, КОСТАНАЙ РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз Костанай районунун жээктериндеги сейил бак аймактарында, башкача айтканда, адамдар көп чогулган жерлерде смарт отургучтарды орнотуу долбоорун даярдап жатабыз.

Экология маселесин чечүүгө электромобилдер өндүрүшүнүн таасири мол болот. Жергиликтүү автозавод алдыдагы жылдан баштап «жашыл» машиналарды кураштырууну сериялык өндүрүшкө чыгарат. Электромобилдердин тажрыйбалуу үлгүлөрү азыркы тапта экологиялык жана экономикалык эффективдүүлүгүн көрсөткөн. Автоунааны кубаттандырууга 40 киловатт жумшалат. Бул бензинге караганда арзан.

МИХАИЛС КВЕТНИС, ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз Бажы биримдигинде сертификатталган алгачкы электромобилдердин өндүрүшүн  өздөштүрүп жатабыз. Аталган унааларды сериялык негизде кураштырып, бүт биримдик аймагына жеткирүүнү көздөөдөбүз. Ушул багытта биздин завод ЕАЭБдеги заводдордон алдыда.

Ал эми Алматы шаарында «ЭКСПО-2017» эл аралык көргөзмөсүнүн долбоорунун алкагында электр станцияларынын курулуштары башталды. Шаарда ушундай 19 объект орнотулду. Серепчилердин пикиринде, кубаттоого арналган түзмөк абдан ыңгайлуу жана ыкчам, аны үйдө да жайгаштырууга болот. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мегаполисте 500 электр унаасы каттоодо турат.

ЕРЛАН ОМАРОВ, ШААРДЫК ИШКЕРДИК ЖАНА ИИӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Бир унааны кубаттоого толук 5-7 саат кетет. Кубаттоо баасы бир жарым-эки миң теңгенин тегерегинде. Жалпы, мындай электр станциялары соода борборлорунда орнотулуп жатат. Жарандарга ыңгайлуу, соода борборлоруна келип, унаасын кубаттоого коюп кете алышат.

Дагы бир маанилүү «жашыл» долбоорлордун бири – калдыктарды ылгалоо заводу. Анын баасы болжол менен 5 жарым миллиард теңгени түзөт. Серепчилердин айтымында, мындай технологияларды киргизип олтуруп, Казакстанда толук кандуу «жашыл» экономиканы өнүктүрүүнү шыктандырууга болот.