ЭКСПО аймагындагы «Нур Аалам» павильонунда «Роботтор балы» шоусу өттү

АКШ, Европа, Түштүк Корея менен Жапониядагы робот техникасынын алдыңкы жетишкендиктери Астанада тааныштырылды. ЭКСПО аймагындагы «Нур Аалам» павильонунда «Роботтор балы» шоусу башталды. Бул жерге дүйнөнүн булуң-бурчунан 20 экспонат алып келинген. Көргөзмөнүн башкы роботу - гуманоид робот Теспиан. Ал дүйнөдөгү алгачкы андроид-актёр. 40тан ашуун тил билет.

СУБХОН ЗИЯБАЕВ, «РОБОТТОР БАЛЫ» ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- «Роботтор балы» көргөзмөсү 2015-жылы ачылды. Ушул мезгилде биз Орусия менен Балтика өлкөлөрүн кыдырып чыктык. Мисалы, Ригада болдук. Азыркы убакытта Казакстанда заманбап технологияны өнүктүрүүгө маани берилүүдө. Ошондуктан биздин роботторубузга кызыгуу жогору болот деп ойлойм. Сиздердин келгениңиздерге кубанычтамын.

Таштандыдан жасалган трио. Бул Санкт-Петербургдук механик-аниматор, белгилүү сүрөтчү Александр Гецтин эмгеги. Роботтор бардык чыгарманы аткара алышат. Ал эми бул машина болсо шахматтан эч кимди алдына салбайт. Кызыгы, ал өзү жалгыз үч каршылашы менен ойной берет. Робот кыйынчылыктын баарына даяр. Ошондуктан аны менен бала да, дүйнөдөгү мыкты гроссмейстер да ойной алат.

БАУЫРЖАН КУРМАНОВ, КӨРГӨЗМӨНҮН КАТЫШУУЧУСУ:

- Адам жүрүш жасагандан кийин жашыл баскычты басат. Андан кийин робот муну тиркеп, кийин өз жүрүшүн жасайт. Ушинтип үч адам менен ойной берет. Келечекте бул робот үч эмес, дароо төрт адам менен ойной ала тургандай болот.

Уюштуруучулардын айтымында, алдыдагы убакытта роботтордун катары калыңдайт. Ошондой эле, шаар тургундары ар түрдүү интерактивдүү оюндар менен спектаклдерди көрө алышат. «Акылдуу роботтор» көргөзмөсү аяк оона айынын 26сына чейин уланат.