Күндөн кубат ала турган Астана мечити

Казакстанда «жашыл технологиялар» жигердүү түрдө киргизилип жатат. Астана мечиттеринин бири кайра жанма энергия булактарын ийгиликтүү колдонууда. Долбоор авторлорунун айтымында, бул имарат нөлдүк энергия талап кылуучу. Имаратта эффективдүүлүгү жогору европалык жабдыктар орнотулган. Бул жерде электр кубатын камсыз кылуу үчүн күн панелдери колдонулат. Алар 1 295 чарчы метр аймакта жайгашкан. Кайра жанма энергия булактары керектелгенден үч эсе көп электр энергиясын өндүрөт, ал эми өндүрүлгөн электр кубаты  түзмөктөрдүн зарылчыгынан төрт эсе ашат, бул ашыкча электр энергияны берүүнү камсыз кылат.

АЛЕКСАНДР КРАВЧЕНКО, «СТРОЙИНВЕСТ-СК» ЖЧШ БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Жылуулукту пайдалануу өлчөмүн 61 пайызга азайттык. Көп тармактуу, суукка да, ысыкка да чыдамдуу айнектерди орноттук. Керектүү электр кубатынын 30 пайызын шаардан алабыз жана өзүбүз өндүрөбүз. Имарат ичин шамалдатуу системасын 87 пайызга, салкындатууну 80 пайызга төмөндөттүк. Жарыктандыруу да тез үнөмдөлөт. Ушундай жагдайда керектүү энергия  3 эсе көп өндүрүлөт.

Өлкөнүн аймактарында да кайра жанма энергия булактары колдонулуп келет. Мисалы, Чыгыш Казакстан облусунда энергияны жеткирүү үчүн күндөн кубат ала турган биринчи мечит салынды. Кайра жанма энергия булактары үчүн жабдыктар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен сатып алынды. Мечиттин аймагына жалпы 18 күн панели орнотулду. Бир саат ичинде алар 5 киловатт электр энергиясын өндүрөт. Бул имаратка электр кубатын берүү үчүн жеткиликтүү.

УЛАН ЖУМАУАНОВ, МАКАНЧЫ АЙЫЛЫНЫН БОРБОРДУК МЕЧИТИНИН БАШКЫ ИМАМЫ:

- Бул жакка келгендердин баары бул түзмөккө таң калып жатышат. Чыгыш Казакстан облусу боюнча күн энергиясына өткөн бул жалгыз мечит. Азыр башка мечиттердин имамдары келип, кызыгып, сурап жатышат.