Алматылык «Адат» ансамбли Италиядагы фестивалдан олжолуу кайтты - Kazakh TV

Алматылык «Адат» ансамбли Верона шаарындагы фестивалдан олжолуу кайтты. Кичинекей бийчилер дүйнөнүн беш мамлекетинин өнөр жамааттары менен чеберчилик боюнча күч сынашты. Ромео жана Джульеттанын мекениндеги ыйык сахнада казакстандык ансамбль Кавказ бийин аткарып, калыстардын алкышына ээ болушту. Бийчилер байыртадан келе жаткан бий стилин жогорку деңгээлде өздөштүргөндүгү менен таң калтырышты.

Эл аралык  фестивалда казакстандык жаш бийчилер Кавкасиури, тоо элинин бийи, Дай мохк жана чечендердин майрамдык бийин мыкты аткарышкан.

ИСЛАМ САГОВ, «АДАТ» БИЙ АНСАМБЛИНИН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз биринчи кезекте  Казакстандын атынан өнөр көрсөтүп жатканыбызды чоң жоопкерчилик деп билдик. Өзүбүздү жогорку деңгээлде көрсөтүүгө аракет кылдык. Өлкөбүздү чет өлкөгө дагы да жакшы жагынан тааныттык деген ойдомун.

МИЛАНА ИЛЬДИХОРОЕВА:

- Биз сахнага чыккан мезгилден баштап көрүүчүлөр кол чабышты. Чынын айтсам аябай толкундандым. Бийибиз баарына жакты.

ЯСМИН МУРАТОВА:

- Италияга болгон сапар мага абдан жакты. Унутулгус таасир алдым. Сахнага чыгып өз өнөрүбүздү тартуулаганыбыз эң керемет учур болду.

Түзүлгөнүнө бир жыл гана болгон ансамблде таланттуу бийчилер абдан көп. Эң улуусу 16 жашта болсо, эң кичинеси 4 жашта. Жаш айырмачылыгына карабастан, сахнага чыкканда уюшкан кыймылдар менен таң калтырышты. Жетекчилердин максаты - ар бир баланын жөндөмдүүлүгүн ачып, бий өнөрүнө болгон кызыгуусун арттыруу. Ушул өнөр аркылуу өлкөнү урматтоону, каада-салтты унутпоого үйрөтүү.

ИСЛАМ САГОВ, «АДАТ» БИЙ АНСАМБЛИНИН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Гран-прини жеңип алгандан кийин бизди аяк оона айында Тулага чакырышты. Ошондой эле, азыр Парижде өтө турган фестивалга баруу маселеси чечилип жатат.

Классика менен заманбап стилин чебер айкалыштыра билген өнөр жамаатынын багындыра турган дагы көп бийиктери бар, дешет адистер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии