Кыргызстанда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун колдоосу менен өтөт. Бул эл аралык уюмдун камкордугу менен бирге, иш-чара алкагында ЮНЕСКО логотипин колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Натыйжасында көчмөндөрдүн ааламдык жарышынын аброю көтөрүлүп, илгертен сакталып келе жаткан улуттук спорт түрлөрүнө дүйнөнүн назары бурулат. Эске сала кетсек, комлекстүү иш-чара дүйнөнүн төрт бурчу суктанган Олимпиада оюндарына альтернатива катары саналат. Ааламдык жарыш алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.

НУРСУЛТАН АДЕНОВ, III ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫН УЮШТУРУУ КАТЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Көчмөндөр оюндары маданий мурасыбыз менен салттуу спорт түрлөрүнүн уникалдуулугун сактап, жаңыртууга өз таасирин тийгизет. ЮНЕСКОнун колдоосу биз үчүн өтө эффективдүү. Эл аралык уюм долбоордун аброюн көтөрүп, андан ары өнүгүшүнө кепил болот. Ушунун аркасында дүйнө көчмөндөр оюндарынын маанилүүлүгүн сезип, эл аралык коомчулукка пайдасы бар экенине ынанышат.

Ушуга кошо, ат үстүндө ойноло турган салттуу «Көк бөрү» оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Кыргызстан Президенти ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын жооптуу катчысы менен болгон жолугушуусунда, бул жетишкендик кыргыз өлкөсүнүн сыймыгына айланган ири жеңиш экендигин белгилеп өттү.

СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- ЮНЕСКОнун камкордугу дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык аренадагы беделин жогорулатат. Дал ушул көчмөндөр жарышында биз кыргыздын улуттук оюну «Көк бөрүнүн» деңгээлин көтөрүп, бүткүл ааламга тааныттык. «Көк бөрү» - көчмөндүү кыргыз элинин атадан-балага мурас болуп, кылымдан-кылымга уланып келе жаткан салты сакталган байыркы оюн. Убагында ушул оюнду мен да ойногом. Өтө бүйүр кызыткан оюн.

САБИРА СОЛТОНГЕЛДИЕВА, ЮНЕСКО ИШТЕРИ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯНЫН ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ / КЫРГЫЗСТАН:

- Эң биринчи биздин көк бөрүчүлөргө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алардын бул оюнга деген кызыгуусу болбосо бул деңгээлге жете алмак эмеспиз. Көк бөрүчүлөр алыскы айылдарда, шаарларда улуттук оюн салттарын сактоого кошкон салымдарынын аркасында ушундай эл аралык деңгээлге көтөрүлдүк.

Эске сала кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын аяк оона айынын экисинде башталат. Жарыштар этноспорттун 37 түрү боюнча өтөт. Оюндарга 80 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу келээри күтүлүүдө.