Так дыйканчылык

Казакстандык дыйкандар дыйканчылык боюнча мыкты тажрыйбаларынын натыйжаларын анализдешүүдө. Бүгүнкү күндө так дыйканчылык Борбор Казакстан фермерлеринин арасында ар дайым талкууланып келген өзөктүү маселелердин бири. Азыр жаңы технологияны 9 казакстандык, анын ичинде 2 карагандалык чарбачылык сынактан өткөрүп жатышат. Алгачкы жемиши мол.

ПАВЕЛ ЛУЩАК, ДЫЙКАН:

- Сынактык талаалар 40 чамасында, ал эми биздин талааларда 20-25 центнердей бар.  Жер семиртич нормаларын жогорулаттык, бизге 30-40 кг аз экенине көзүбүз жетти. Азыр 200-300 килограммдан ашуун пландалып жатат.

Так дыйканчылык топурактын терең жана таза изилдөөлөрүнө негизделет. Салттуу технология боюнча 75 гектар жерге бир анализ жасалып келген. Бүгүнкү күндө ар бир гектардан үлгү алынат. Бул керектүү семирткичтердин курамы менен көлөмүн, жерди иштетүү ыкмаларын так аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

САЯХАТ НҮКЕШЕВ, С.СЕЙФУЛЛИН АТЫНДАГЫ КАЗАТУ ДЕКАНЫ:

- Так дыйканчылык элементтерин киргизүү алкагында биз биринчи топурактан анализ алдык, натыйжасында азот менен фосфордун деңгээли өтө төмөн.  Башкача айтканда, бул эмнеге буудайдын сапаты менен өнүмдүүлүгү төмөн деген суроого жооп берет. Ошондуктан азыр колдонуп жүргөн себүү комплексттери бул семирткичтин негизги көлөмүн киргизе албайт, ошондуктан жаңы техника керек.

Эми топуракты керектүү жагдайга келтирүү үчүн атайын багуу ыкмалары менен техника зарыл. Бул өз кезегинде Казакстанда жасап чыгарылат. Азыркы тапта алгачкы техника жыйналып, колдонууга берилди. Бул дароо 2 маселени чечет. Тагыраак айтканда, топурак ныктуулугун жоюп, аны семиртет. Кийинки жылы ата мекендик техниканын жапырт өндүрүшү жолго салынат деп көздөлүп жатат.