Назарбаев Университетинин илимий кызматкери өзгөчө долбоорду ишке ашырып жатат

Инновациясыз стартап жок. Блокчейн менен жасалма интеллект сыяктуу технологиялар жаңы долбоорду ишке ашырууга негиз болот. Дүйнөнүн алдыңкы акселератор серепчилери ушундай пикирде. Алар Астана шаарынын ишкерлерине ийгиликтүү стартап түзүүнүн башкы негиздери тууралуу баяндап беришти. Белгилүү инвестор Марвин Лиао бүткүл дүйнө боюнча кызыктуу долбоорлорго инвестиция кылып келет. Анын айтымында, казакстандык девелоперлердин кызыктуу идеялары жеткиликтүү. Ага кошо, аларды ишке ашыруу үчүн реалдуу шарттар түзүлгөн.

МАРВИН ЛИАО,   ИНВЕСТОР:

- Казакстандын мунай менен газга бай мамлекет экенин билебиз. Ал эми ресурстардын жардамы менен көптөгөн ири долбоорлорду баштоого болот.  Казакстандагы программалоочу адистер өтө мыкты деп ойлойм. Ошондой эле бизнес жолго салынган. Чыгыш Европада жагдай тескерсинче. Муну эске алуу керек.  Ушул эки аймакты байланыштуруу аркылуу ири эл аралык стартап долбоорго жетишибиз толук мүмкүн.

Назарбаев Университетинин илимий кызматкери Жандос Керимкулов өзгөчө долбоорду ишке ашырып жатат. Ал жерди алыстан байкоо аркылуу дыйкандардын ишин жеңилдеттүүгө арналган. Уникалдуу порталда вегетация мезгили, топурак нымдуулугу жана өсүмдүктөрдүн жалпы жагдайы тууралуу маалымат жыйналат. Пайдалануучулардын ыңгайы үчүн сайтта байланыш кызматы бар.

ЖАНДОС КЕРМКУЛОВ. ДОЛБООРДУН АВТОРУ:

- Агроном катталган кезде бизге өз кадастр номурун берет. Кадастр номуру аркылуу бизде бар бардык маалыматтарды  чыгарабыз.  Ушул аркылуу агроном өз ишин пландай алат.

Долбоордун эффективдүүлүгүн арттырууда башкы мааниге ээ фактор дал ушул кайра байланыш кызматы. Башкача айтканда, талап кылуучу менен өндүрүүчүнүн ортосунда диалог болот. Ошондой эле, чет өлкөлүк серепчилерди туура тандоонун маанилүүлүгүн белгилешет. Уюштуруучулар стартаперлер менен инвесторлордун ушундай жолугушууларын системалык түрдө өткөрүүнү көздөшүүдө.