Казакстанда агроинновация киргизилүүдө

Казакстандын агрардык секторуна заманбап технологиялар жигердүү киргизилүүдө. Мисалы, Түркестан облусунун Шардара районунда инновациялык адистердин аркасында эки эсе көп пахта жыйналды. Ушуга чейин чарбачылыктар ар бир гектардан 30 центнер өндүрүм алышчу. Ал эми тамчылатып сугаруу жана полиэтилен жабууну колдонуунун негизинде 60 центнерден ашуун пахта ала башташты. Бул жаатта суу менен семирткич чыгымы 3 эсеге чейин кыскарган. Бул кургакчылык шартында өтө маанилүү. Белгилей кетсек, Шардара районунда жаңы ыкма азыркы тапта 24 миң гектар эгин талаасынын жети жүз гектарында гана колдонулат.

БАЗАРБАЙ АХМЕТОВ, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН БАШКЫ АГРОНОМУ:

- Бизде кытайлык сорт өстүрүлөт. Түшүмдүүлүгү мол. Жабуу менен тамчылатып сугаруу ыкмасынын жардамы аркылуу алар эки жума мурун бышып жетилет. Бул суу менен жумуш күчүн үнөмдөйт. Бул жабуу отоо чөптөрүнүн чыгуусуна жол бербейт, нымдуулукту узакка кармап турат.

ҚАЙРАТ ЖОЛДЫБАЙ, ШАРДАРА РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Былтыр 50 миң тоннадан ашуун пахта жыйналган. Быйыл түшүм мындан жогору болот деп жатабыз. 60 миң тоннага жетет деген ойдобуз. Былтыркы жылы пахта баасы 170 теңге болгон. Ушул жылы да ошондой болсо керек.

Ал эми, Костанай облусунун окумуштуулары Түштүк Кореядан алып келинген картошка менен жергиликтүү тукумду аргындаштырып, натыйжасында кызгылт көк сорт чыгарышкан. Картошканын жаңы түрү таза органикалык өнүм өстүрүлө турган эксперименттик аянтта өстүрүлгөн.

КУДАЙБЕРГЕН ХАЙДАР УУЛУ, ДЫЙКАНЧЫЛЫКТЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Алгач сидералдуу буу, андан соң кара буу кетет, 3 жылдан кийин гана картошка же жемиш тигилет. Биз органикалык жер семирткичерди, отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн гербициддерди да колдонбойбуз. Бул экологиялык жактан таза өндүрүш.

Окумуштуулардын айтымында, кызгылт көк картошканын адамдын ден соолугуна пайдалуу экендиги далилденди. Картошкада крахмал жана кумшекер аз. Бирок, адам баласынын организмине керектүү заттар арбын.  Өндүрүүчүлөр жаңы сорттун түрүн мол санда өстүрүүнү көздөшүүдө.

АНДРЕЙ УДОВИЦКИЙ, АЙЫЛ ЧАРБА ИЛИМДЕРИНИН КАНДИДАТЫ:

- Түстүү картошканын курамында жигердүү биологиялык заттар көп. Айрыкча онкологиялык оорулардын өнүгүшүн токтото турган антиоксидант элементине бай. Бул картошканы ар дайым тамакка пайдаланса кан айланууну жакшыртып, көрүү жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Картошканын жаңы түрүн расмий тиркеп, патенттөө үчүн документтер тиешелүү мекемелерге жиберилген. Бул аны экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, Батыш Европада кызгылт көк картошка жогору бааланат. Анын бир килограммынын баасы  Францияда 200 евро турат.