Казакстандык балык өстүрүүчүлөр заманбап технологияларды колдонууга киргизе башташты. Чыгыш Казакстандагы 20 чарбачылык осетр, лосось менен карп тукумдаш балыктарды өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын сынактан өткөрүүдө. Жергиликтүү адистер кызыл китепке киргизилген балык түрлөрүн товардык өндүрүшүн жолго салууну максат кылышууда. Стерлядь менен осетр жабык көлмөлөрдө өстүрүлөт. Ошондой эле, адистер жергиликтүү өзөн-көлдөрдөгү форелдын санын көбөйтүүгө да салым кошуушуда. Бул үчүн Иртыш жээктеринде  суу тосмолору орнотулду. Чабактар атайын бекитилген график боюнча белгиленген муздактыкта багылат. Алдыдагы бештин айында балык өстүрүүчүлөр 100 тонна даяр өндүрүш алууну көздөшүүдө.

ВЯЧЕСЛАВ АСАНОВ, БАЛЫК ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул көлмөнү балыктарга толтуруу керек, анткени бул жерде багуу базасы өтө бай, биопланктондор өтө көп, муну форелдин тез салмак кошконунан байкоого болот.

Баалуу балыкты өстүрүүнү колго алган чарбачылыктар аймактагы Зайсан, Буктурма жана Өскемен суу сактагычтарын балыкка толтурушту. Сууга 5 млн чабак кое берилген. Андан быйыл 100, келээрки жылы 300, андан аркы жылы 1 миң тонна балык алууну пландап жатышат. Ошондой эле, чыгыш казакстандык чарбачылыктарда Зайсандагы судактын өсүшүнө шарттар жасалат.

СЫМБАТ АНУАРБЕКОВ, «КАЗАК БАЛЫК ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ» БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Биз судак чабактарын чыгарып, товардуу балык алууну максат кылып жатабыз. Айыл чарба министрлиги менен тийиштүү келишимге кол коюу стадиясына келдик.

Алдыдагы 7 жылга Зайсан көлүнүн балык фондун толтуруу программасын жасоо көздөлгөн. Долбоорду чарбачылыктардын өздөрү каржылоого даяр. Убакыттын өтүшү менен коңшу өлкөлөргө экспорттоого болот, ошондуктан долбоордун келечеги чоң, дешет жергиликтүү адистер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии