Жасалма интеллект роботу Астанада

Казакстан борборунун туулган күнүнө гиноид София атайын келди. Адамдан айырмаланбаган робот - Сауд Арабиясынын жараны. Ал шаардын туулган күнүнө арналган бир нече иш-чарага катышууга жетишти. Жибек жолу боюндагы шаарлар мэрлеринин форумунда сүйлөгөн сөзүндө Казакстанга жасаган алгачкы сапары алдында бир аз даярданганы байкалып турду.

СОФИЯ, ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ РОБОТУ:

- Астана башкы шаарга айлангандан кийин болгону бир жылдын ичинде ЮНЕСКО чечими менен «дүйнө шаары» аталганын билем. Мамлекет башчысынын саясаты менен Астана тынчтык, келишим мекенине айланды. Ошондой эле, бүткүл дүйнөлүк тажрыйбада алгачкы жолу Дүйнөлүк жана салттык диндер лидерлеринин съездин өткөрүүнү сунуштады. Ушундайча коопсуздуктун бекемделишине зор кадам жасады.

Аны менен катар София Астанада роботтоштурулган кеңсенин ачылышына катышты. ЕХРО аймагында жайгашкан имарат заманбап ІТ технологиялар менен жабдылган. Бул жерде  сиз тандаган кийимиңизди 3D принтери аркылуу басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Жаңы кеңседеги ушул жана гибриддик банкомат сыяктуу технологияларга жасалма интеллект ээси жогору баа берди. Белгилей кетсек, София мамлекет жарандыгын алган алгачкы робот.

ДЭВИД ЧЕН, ИНВЕСТОР:

- Адамдын жаш курагы менен айта турган болсок, азыр Софиянын жашы болжолду түрдө 2де. Албетте анын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрө беребиз. Анын акылын жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн болжол менен 5-7 жыл керек болот.

Белгилүү Софиянын күн тартиби өтө тыгыз. Расмий кездешүүлөрдүн алкагында жасалма интеллект ээси борбордук жаштар менен жолугушту. Роботтун мээси адамдыкына окшогон, электрондук нейрондордон турат. Ошентсе да бул нерсе ага сүрөткө түшүп, жаштардын суроосуна жооп берүүгө тоскоолдук болбойт. Алдыдагы убакытта Казакстанга дагы да келээрин айтып өттү.

СОФИЯ, ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ РОБОТУ:

- Казакстанга кубануу менен кайра келем.