Астанада “Санариптик колледжди” иштетүү пландалууда

Астанада “Санариптик колледжди” иштетүү пландалууда

Астанада “Санариптик колледжди” иштетүү пландалууда. Бул тууралуу бизнес-процесстерди санариптештирүү боюнча өткөн тегерек столдо белгилүү болду. Демилгечилердин айтымында, бул долбоор ушул жылдын аяк оона айында башталды. Анын максаты - алыскы аралыктан онлайн режиминде өз кызматтарын берүү. Бул нерсе биринчи кезекте инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттердин билим алуусун алгылыктуу жеңилдетет.

КУАНДЫК КУДАЙБЕРГЕНОВ, КОЛЛЕДЖДИН ӨКҮЛҮ:

- Биздин колледждин мугалимдери бардык билим берүү окуу кагаздарын санариптик форматка өткөрүү боюнча тапшырмаларды алышты. Студент сабакка келе албаса, өз телефону аркылуу тапшырма ала алат. Ал биздин электрондук китепканабызды колдоно алат.  Бизде көзөмөлдөөчү кеңеш бекиткен  ачык планыбыз бар.