Буюмдар интернети, Smart шаар, экология, өнөр жай жана 4.0 Индустриясы. Ушул тармактагы жаңы стартаптар Астанадагы «IoT World Summit Eurasia» саммитинде сунушталды. Иш-чарага дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн квалификациялуу адистер катышты. Саммиттин программасында тоо-кен өндүрүшү, энергетика, мунай-газ сыяктуу тармактарында колдонулган 35 санариптик долбоор сунушталды.

НАРИМАН МУКЫШЕВ, КР ЭМГЕК ЖАНА КАЛКТЫ КООМДУК КОРГОО МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыркы тапта биздин мекеме АйоуТи технологияларын колдонбой эле. Бирок келечекте бул нерсеге басым жасайбыз деп ойлойм. Конференциянын катышуучулары блокчейн, жасалма интеллект сыяктуу темалардын алкагында пикир бөлүшүштү. Аларды жумуш менен камсыз кылуу  тармагында активдүү пайдаланууга болот.

Жер астындагы түтүктөрдүн кайсынысы каякта жатканын даана көрсөткөн маалымат да ушул саммитте тааныштырылды. Долбоор Астана, Алматы жана Чымкент шаарларында ишке ашырылууда. Анын алкагында жер астындагы коммуникациялардын интерактивдүү карталары жасалып чыгат.

СЕЙИЛБЕК АСАНОВ, ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ:

- Ушул долбоор боюнча Казакстандын ири шаарларында иштер жүргүзүлүүдө. Газ түтүктөрүн салуу менен алектенген ири компания ушул технологияны колдонуп, бюджеттик каржыдан 13 пайызга чейин үнөмдөй алган.

Саммиттин жүрүшүндө StartupDay, инновациялык долбоордун сынагы өттү. Ага Казакстан, Орусия жана КМШ өлкөлөрүнүн долбоорлору катышты.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии