Казакстан экономиканын ар бир секторуна дүйнөлүк инновацияларды ийгиликтүү киргизип жатат. Тамак-аш өндүрүшү да четте калган жок. Акылдуу технологияларды өздөштүргөндөрдүн катарында Караганда облусундагы жаңы нан заводу бар. Аталган долбоор “Санариптүү Казакстан”  программасынын жана индустриялаштыруунун алкагында ишке ашып жатат. Нан даярдоонун бардык процесси автоматташтырылган.

ПЕТЕР КИСКА, КОМПАНИЯНЫН ӨКҮЛҮ/СЛОВАКИЯ:

- Жабдыктар көп жыл бою кызмат кылат. Анын артыкчылыгы – автоматтык түрдө иштеп, автоматтык түрдө өзүн тазалаганында. Бул убакытты жана каражатты үнөмдөйт.

Мындай заводдун аналогу Казакстанда эле эмес, КМШ жана Европанын кээ бир мамлекеттеринде жок. Долбоорду ишке ашыруу үчүн  2 миллиард теңге инвестицияланган. Аталган завод басымды жогорку технологиядан сырткары өндүрүштүн курамына да жасайт. Бул жерде жалаң казакстандык чийки зат колдонулат.

ЕРЛАН НИГМАТУЛИН, ЗАВОДДУН ӨКҮЛҮ:

- Бул заводдун баштапкы кубаттуулугу 35 тонна. Биз өзүбүздүн өндүрүштү эске алдык. Сатпаев жана Жезказган, Каражал, Жайрем, Улытау жана Жезды.

Айтмакчы, өндүрүштүн ишмердүүлүгүнө кош билим берүү системасы киргизилет. Белгилей кетсек, Жезказганда ачылган нан заводу Караганды облусунда инвестор тарабынан ачылган 3-долбоор. Энергоэффективдүү өндүрүштөр Балкаш жана Карагандада да иштеп жатат.



Комментарии