Айыл чарбасында жаңы технологияларды колдонуу ресурстарды эффективдүү пайдаланып, эгин өндүрүшүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул нерсени жакшы түшүнгөн казакстандык чарбалар натыйжалуугун далилдеп жетишкен тамчылатып суугаруу ыкмасын кеңири киргизүүдө. Бир эле Маңгыстау облусунда жашылча менен бакча өстүрүүчүлөрдүн  85 пайызы ушул жаңы технология менен иштешет. Бул ыкма өнүмгө оң таасирин тийгизип келүүдө.

ТАЛАНТ ОРАЗБАЕВ, КҮНӨСКАНА ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Эгиндин көлөмү 40-50 пайызга ашты.  Менин оюмча, өнүм көлөмүнө эмес, анын сапатын жогорулатууга көп көңүл буруу керек. Ал эми азыркы тапта өнүмдүн сапаты эки эсе жакшырды.

Маңгыстаудагы эгин чарбачылыгы 2021-жылы 100 пайыз тамчылатып сугаруу ыкмасына өтөт. Ал эми Жамбыл облусунда  ушундай жаңы ыкма менен иштеген мөмө-жемиш багытындагы агрардык парк курулду. Жакынкы арада  бул жерде аянты миң гектар болгон алча, алма, жүзүм, жаңгак бактары көктөйт. Бакчанын гектарынан 25 тоннага чейин өндүрүш алууга мүмкүнчүлүк бар, дешет адистер.

НАРМУХАН САРЫБАЕВ, «АГРАРДЫК НАСЫЯ КОРПОРАЦИЯСЫ» АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН  ТӨРАГАСЫ:

- Албетте, алгач биз ички рынокту толтурууга  багыттайбыз. Андан кийин экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү байкап көрөбүз. Коңшу Орусия, Кытай өлкөлөрүнө өндүрүштөрүбүздү жөнөтө алабыз. Азыркы тапта 10-12 жылдык мезгилге коммерциялык каржылоо маселесин караштырып жатабыз. Бүгүнкү күндө 10 жылдык каржылоо механизми колдонулууда.

Түштүк Казакстан облусунун Сарыагаш аймагындагы активдүү бактар да тамчылатып сугаруу ыкмасынын жемишин көрүп жатышат. Жергиликтүү чарбачылык быйыл облуста биринчи жолу 70 гектар шабдалы көчөтүн отургузушкан. Ошондой эле алча, өрүк, алма көчөттөрү тигилди. Бул интенсивдүү бакча жалпы 250 гектар аймакты камтыйт.

НУРБЕК БАДЫРАКОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Быйылкы жылы интенсивдүү  бак тигүүгө көңүл бурулуп, жалпы эгин көлөмү 2800 гектарга жетти. Өзүңүздөргө  белгилүү интенсивдүү бакчадан алына турган  түшүм көлөмү пахта өндүрүшүнөн 30 эсе жогору. Башкача айтканда, тамчылатып сугаруу  системасын эффективдүү пайдалануу аркылуу жалпы чыгашаны 3 жылдан кийин актап, 4-жылдан баштап кеминде 5 миллион теңге, эң көп 30 миллион теңгеге чейин гектарынан таза киреше табууга болот.

Тамчылатып сугаруу сууну үнөмдөөдөн башка, өсүмдүктүн тамырына жер семирткичтерди, зыян берүүчүлөрдөн коргогон агрохимиялык заттарды так жана бир калыпта жеткизүүгө мүмкүнчүлүк берет, дешет серепчилер.



Комментарии