«Тогузкумалак» жаштарга ылайыкташтырылып, заманбап тилге которулду. Эми байыртадан келе жаткан интеллектуалдык оюн Android, Windows сыяктуу системасы бар ар бир уюлдук телефон же комьютер аркылуу жеткиликтүү. Оюнду онлайн түрдө өздөштүрүүгө болот. Ой өрүштү кеңейтип, эсептөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрө турган улуттук оюндун электрондук нускасын Евразия улуттук университетинин студенттери иштеп чыгышкан. Ойлоп табуучулар аталган тиркемени көп платформалуу кылүү үчүн жарым жыл тер төгүшкөн. Бул IOS системасындагы тунгуч программа. Оюнчунун табитине жараша улуттук стилде жасалып, үн коштолгон.  Жаш ойлоп табуучулар  казактын байыркы оюнунун өзгөчөлүгүн сактап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү киргизген. Мисалы, «Тогузкумалак» боюнча маалыматы жоктор атайын окутуу модели аркылуу өздөштүрө алышат. Тиркеменин авторлору электрондук нусканы дагы да өрчүтөөрүн белгилешти.

МАХМУД ГАЛЫ, СТУДЕНТ:

- Биз көп деңгээлдүү жасалма интеллекттин модулун жасадык. Ал 4 деңгээлди камтыйт. Биринчиси, аталган оюнду такыр ойной албагандарга багытталган. Экинчиси, бир аз түшүнүгү барларга, үчүнчүсү, жакшы ойногондорго, ал эми төртүнчү деңгээл болсо спорт чеберлерине арналган. Азыркы тапта аталган тиркемени өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии