Казакстан айыл чарбачылыгына дүйнөлүк инновациялык технологияларды киргизет

Казакстан айыл чарбачылыгына дүйнөлүк инновациялык технологияларды киргизет

Казакстан айыл чарбачылыгына дүйнөлүк инновациялык технологияларды киргизет. Тогуз ири чарбачылыкты өзүнө камтыган долбоорго Караганды облусунан 2 ферма кирди. Ушул жылы акылдуу технологиялар айыл чарбачылыгында 500 гектар жерге эгин айдоого жардам берди.

Механизатор Ерлан Махмедовдун бүт жумушун «акылдуу техника» аткарып жатат. Бул үчүн жалгыз компьютер жетиштүү.

ЕРЛАН МАХМЕДОВ, МЕХАНИЗАТОР:

- Мен аны белгилүү ылдамдыкка коем, техника спутник аркылуу өзү жүрүп кете берет. Бул жерде бардык нерсе бар: кондиционер, климатты башкаруу. Абдан мыкты трактор. Мурда биз, К-700 трактору менен күнүнө болгону 70 гектар жерди айдасак, бул техника менен 200 гектарга чейин айдап жатабыз.

Азыр бул фермада ушул сыяктуу 18 комплекс бар. Аларды себүү үчүн колдонсо болот. ушул «акылдуу техникалардын» жардамы менен 37 миң гектар жерди өздөштүрүүгө мүмкүн. Бирок, ал үчүн алгач электрондук карта түзүү зарыл. Айыл чарбачылыгы азыркы тапта 500 гектар жерди санариптик форматка өткөрдү.

ГЕОРГИЙ ПРОКОП, ЧАРБАЧЫЛЫКТЫН МҮДҮРҮ:

 - Санариптик технология эң биринчи кезекте эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырат. Экинчиден, материалдык чыгымдарды азайтып, каражатты үнөмдөөгө зор мүмкүнчүлүк берет. Жер семирткич, гербицид, күйүүчү май мурункудай ысырапталбай, таза эсеп менен аз жумшалат. Келечекте биз бардык эгин талааларын  санариптик системага өткөрүүнү көздөп жатабыз.

Алгач эгин талаалардын аянты аныкталат, андан соң бардык маалыматтар спутник аркылуу   эгин себе турган комплексттерге жиберилет. Ал эми «акылдуу техника» белгиленген жерге канча жер семирткич, гербицид керектигин, ошондой эле жерде канча нымдуулук бар экенин, канча тереңдикте тигүү керектигин аныктайт.

ВЯЧЕСЛАВ ТЯПЫШЕВ, ПРОГРАММИСТ:

- Биринчи программа техниканын жүрүү жолун, экинчиси эгин тигүүнү көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, топурактагы нымдуулуктун өлчөмүн көзөмөлдөйбүз.

Бүгүнкү күндө 4 айыл чарбачылыгы санариптик технологияларга өттү, алардын экөө республикалык долбоорго киргизилди. Айыл чарба адистеринин айтымында, мол түшүм алуу үчүн бардык фермалар санариптик технологияларга өтүшү зарыл.