Астананын 20 жылдыгын утурлай “Маалыматтык технологиялар дүйнөсүндө” аттуу эл аралык сынак башталды. Эң мыкты web-программист, компьютердик графика жана анимация дизайнери наамына Казакстан менен Британиянын окуучулары ат салышат. Британиядан келген сынактык эмгектер Казакстанда, ал эми казакстандык эмгектер-Тумандуу Альбиондо каралат. Аталган сынактын башкы максаты - жаштардын IT-технологиялык жөндөмдүүлүгүн ачуу жана өз интеллектуалдык, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө шарттарды жаратуу.

КИЗ КОУЭЛ, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

- Кээ бир катышуучулар абдан эле жаш. 11-12 жаштагылар. Бирок бул нерсеге карабастан алардын эмгектери абдан мыкты. Аталган сынак казакстандык жана Улуу Британиянын жаштарынын башын бириктирет. Алар бири-биринин эмгектерин көрүүнү каалашат.

МЭТ МОРТЕН, КАЛЫСТАР ТОБУНУН МҮЧӨСҮ:

- Мен коргөн эмгектер таң калтырды. 3-4 катышуучунун эмгектерин тандоо абдан оор болду. Астанадагы казакстандык студенттер өз борбору менен абдан сыймыктанышат экен. Бул нерсе алардын эмгектеринен байкалат.

Келечектеги IT адистер “Түнкү шаар”, “Туулган жер”, “Жыл мезгилдери”, “Менин келечектеги кесибим” жана башка темаларда өз эмгектерин сунушташты.  Калыстар эмгектердин оригиналдуулугуна, камтылган ойдун тереңдигине жана сапатына карап баа беришти.

УОЛТЕР МАСКЮРА, СИТИ ВЕСТМИНСТЕР КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТИ:

- Колледжибиздин IT департаменти менен биргеликте ар кандай компьютердик коддук тилдерди колдонуп веб-сайт жасап чыктык. Мен сынакта жеңиш үчүн болушунча креативдүү болууга аракет кылдым.

ДЖОРДАН БУШЕР, СИТИ ВЕСТМИНСТЕР КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТИ:

- Сынактын концепциясы мага абдан кызыктуу  болду. Ошондуктан катышууну туура көрдүм. Эгер жеңип алсам, келечекте универстетте окуум үчүн оң таасирин тийгизет.

НАЯМ РАХМАН-ЛЬЮИС, СИТИ ВЕСТМИНСТЕР КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТИ:

- Мен жеңүүнү абдан каалап жатам. Мыкты катышуучулар абдан көп, бирок мен дагы атаандаштыкка туруктуумун деп ойлойм.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча эң мыкты автор же автордук коллектив  тандалып алынат. Жетекчилер жана алдыңкы орунду алган жеңичүүлөр эл аралык деңгээлдеги диплом жана сертификаттар менен сыйланышат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии