Казакстандын электрондук өкмөтүнүн артыкчылыгы

Казакстандын электрондук өкмөтүнүн артыкчылыгы

Мамлекеттик тейлөөнү санариптештирүү Казакстандын өнүгүүсүндөгү негизги багыт.  Электрондук өкмөттүн eGov.kz порталынын жардамы менен 7 жыл ичинде 235 тейлөө багытында 200 миллиондой мамлекеттик тейлөө көрсөтүлгөн. Бул тейлөөнү колдонуучулардын саны 650 эсе өстү. 2009-жылы колдонуучулардын саны 10 960 болсо, азыркы тапта алардын саны 7 миллиондон ашты. Ошондой эле казакстандыктар үчүн Telegram-бот ишке киргизилди. Бул казакстандыктарга эң керектүү болгон төрт тейлөөнү SMS аркылуу көрсөтө алат. Алар - даректик, физикалык жактын юридикалык жакка катышуусу, соттолбогондугу тууралуу жана кыймылсыз мүлкүнүн бар же жок экендиги тууралуу маалымдамалар. Бул кызматтарды алуу үчүн уюлдук жарандар базасына катталуу гана жетиштүү.

АСЕТ ТУРЫСОВ, “УМТ” АК БАШКАРМАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Сиз эң керектүү болгон 4 мамлекеттик тейлөөнү eGov.kz порталындагы жеке баракчаңызга өз номериңизди каттоо аркылуу, же телефонуңуздан телеграм ботко кирип, болбосо катталуу смс код негизинде ишке киргендей емейлга билдирүү жөнөтүү аркылуу ала аласыз. Менин оюмча төрт мамлекеттик тейлөө бул башталышы гана, келечекте дал ушундай форматка башка да кызматтарды өткөрөбүз.