Казакстандын шаарларында «Smart City» долбоору ишке ашырылууда

Казакстандын шаарларында «Smart City» долбоору ишке ашырылууда

2030-жылга карай жер бетиндеги «акылдуу» шаарлардын саны 600дөн ашат деп болжолдонуп жатат. «Санариптүү Казакстан» мамлекеттик программасынын алкагында Астана, Алматы, Караганды, Чымкент жана  Актөбө шаарларында «Smart City» долбоорун өнүктүрүү көздөлгөн. Азыркы тапта түрдүү тармактарда ыңгайлуулук, коопсуздук, эффективдүүлүк жана курчап турган чөйрөнү коргоо сыяктуу маселелер эске алынган «акылдуу» борбор курулуп жатат. Мисалы, Актөбөдө «Ел айна» долбоору даярдалды. Анын аркасында мектептер электрондук журналдар менен күндөлүктөргө өтүштү. Медициналык мекемелерде электрондук ден соолук паспорттору киргизилүүдө.

БАТЫР ОРАЗАЛИН, М.ОСПАНОВ АТЫНДАГЫ БКММУ МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРУНУН БАШКЫ ДАРЫГЕРИ:

Алдыдагы мерчем биздин маалыматтык системаны башка порталдар менен бириктирүү, мобилдик тиркемелерди даярдоо, дарыгер кабылдоосуна онлайн жазылууну ишке кошуу.

Коопсуздукту камсыздоо үчүн «Сейф-сити» программасы даярдалган. Бул  - «акылдуу кесилиштер», аялдамалар сыяктуу унаа коюла турган токтомолор. Турак жайлардын короосунда жана коомдук жайларда  орнотулган 7,5 миң видео көзөмөлүнөн алынган маалыматтар  талдоо борборлорунда чогултулат.

ИЛИЯС ИСПАНОВ, АКТӨБӨ ШААРЫНЫН АКИМИ:

- «Акылдуу автоууна» долбоору пилоттук режимде ишке ашырылууда. Бул жүргүнчүлөрдү ташыгандарга байланыштуу GPS-мониторинг, автобустардын жүрүү убакыты. Азыркы тапта мобилдик тиркемеси бар.

Карагандыдагы «Акылдуу шаар» системасы коомдук транспорттогу электрондук билетте. Ошондой эле «акылдуу» энергия үнөмдөй турган түтүкчөлөр. Мамлекеттик мекемелердеги электрондук документ жүгүртүүсү сыяктуу жаңылыктарды камтып жатат. Чымкентте «акылдуу» технологиялар акырындык менен 11 тармакка киргизилүүдө. Мисалы, мугалимдерди жумушка орноштуруу боюнча  «t-hunter» системасы бар, бала бакчалардагы орундар электрондук портал аркылуу бөлүштүрүлөт. Алдыдагы 2 жылда  суу менен камсыздоо системасы толугу менен санариптештирилди.  Иче турган суу менен камсыздандырууну башкара турган 37 автоматташтырылган түйүн чекиттери орнотулган, абоненттер менен байланыш үчүн атайын программа даярдалды.

ЖАНАТБЕК ТУРДАЛИЕВ, ЧЫМКЕНТ ШААРЫНЫН СУУ КАНАЛЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ:

- Сайт иштеп жатат, электрондук почта, вотсап байланышы бар. Техникалык жагдайлар, эсептегич куралдардын көрсөткүчтөрү, төлөм жасоо маселелери боюнча түз байланыштабыз.

Болжолдоолор боюнча, 2030-жылы Чымкент тургундарынын саны 2 миллиондон ашат. Актөбө шаары да миллиондук шаарга айлануусу толук мүмкүн. Шаардагы маанилүү объекттер тууралуу бардык жаңылыктар бирдиктүү маалыматтык системага киргизилет. Бүгүнкү күндө бир нече банк «Smart City» долбоорунун алкагында кызматташтык орнотууга кызыктардыгын билдирип жатышат.