Казакстандын күнөскана чарбачылыгына инновациялар активдүү түрдө киргизилүүдө. Мисалы, Алматы облусунда термалдуу күнөскана комплекстеринин жумушу жолго салынууда. Жылуу минералдуу суу туруктуу микроклиматты кармап турууга жана мол жемиш жыйноого мүмкүнчүлүк берет. Бардык күнөсканалар эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган. Минералдуу жер семирткичтер алдын ала киргизилген программа боюнча берилет.

АРТЕМ ДЫДЫКО, ТЕХНОЛОГ, УКРАИНА:

- Аз көлөмдүү технология. Аталган технологиялар жасалма субтратта жашылчаларды өстүрүүгө негизделген, бардык тамак-аш болчу заттар биргеликте салыштырылып, даяр семирткич иретинде берилет. Ал экологиялык жактан таза. Себеби, бул жашылчада нитрат жок. Биз өсүмдүккө керектүү гана затты беребиз.

Жыйнала турган товардын партиясы жумасына 20 тоннаны түзөт. Бадыраң жана томаттар Казакстан рыногунан башка чет өлкөгө да жеткизилүүдө. Жашылчалардын үчтөн бир бөлүгү Орусияга экспорттолот. Адистер алдыдагы мезгилде термалдуу күнөскана комплекстеринин аймагын кеңейтүүнү мерчемдеп жатат. Акыркы эки жылда Алматы облусундагы 10 гектар жерге ушундай комплекстер курулган.

КУРАЛБЕК БЕКМУХАНБЕТОВ, УЙГУР РАЙОНУНУН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Быйылкы жылы дагы 6 гектар жерде жаңы күнөскана курулушун баштайбыз. Инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Күнөсканаларды кеңейтебиз. Биз комплекстерге арнап 100 гектар бөлдүк, ага 3-4 фирма кирип жатат.

Жыл бою мөмө бере турган алгачкы күнөскана Караганды облусунда да пайда болду. Бул да экологиялык таза бадыраң өстүрөт. Өндүрүшкө болгон талап туруктуу болгондуктан, ишкерлер күнөскана аймагын 700 чарчы метрге чейин кеңейтип, өндүрүш түрүн жогорулатат.

АЗАМАТ ОРАЛТАЙ УУЛУ, ИШКЕР:

- Астаналык агро университетинин окумуштуулары келип кетишкен. Алар бизге билбегенибизди көрсөтүп, үйрөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Окуу курстарына чакырып жатышат. Биз окумуштуулар менен  илимий тармакта иш аткарсакпы деген ойдобуз.

Мамлекет колдоонун, инновациялык технологиялар жана билимдүү кадрлардын аркасында Казакстанда күнөскана өндүрүшүн кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк берип жатат, дейт аграрчылар. Натыйжасында, мөмө-жемиш, жашылча өнүмдөрүнүн импорту азайып, жергиликтүү рыноктогу  ата мекендик өндүрүштөрдүн үлүшү артты.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии