Санариптештирүү – ааламдык өнүгүүнүн мегатренди

Санариптештирүү – ааламдык өнүгүүнүн мегатренди

Санариптик инфраструктураны, IT-экосистеманы өнүктүрүү, калктын санариптик билимин жогорулатуу. Адамзаттын ар бир ишмердүүлүгүн санариптештирүү, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдын айтымында, дүйнөлүк өнүгүүнүн 5 ааламдык мегатренддеринин бири. Өлкө башчысы белгилеген мегатренддер Астана экономикалык форумунда талкууланган эң башкы темалар болду. Серепчилердин пикиринде, Казакстан өлкөсү укмуштуудай өзгөрүүлөрдүн жолунда турат. Көрүнүктүү мисал, “Санариптүү Казакстан”  долбоору. Экономиканын бардык тармагына заманбап технологияларды киргизүү өлкө үчүн дүйнөлүк рынокто атаандаштыкты күчөтөт деп эсептешет форумдун катышуучулары.

АЛЕКССАНДР МЕЛИКИШВИЛИ, СЕРЕПЧИ:

Санариптештирүү - Казакстан мамлекетин өнүктүрүүдөгү негизги фактор. Бирок, мен санариптешүүнү өлкөлүк тобокелчилик катары да карайм. Казакстанда 11 жылдан бери калкты тейлөө борборлору өнүгүп келе жатат. Мен бул нерсени колдоймун.

Бүгүнкү күндө Казакстанда «Электрондук өкмөт» активдүү иштеп келе жатат. Аталган система көп тейлөөлөрдү онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк берет. 3 жылдын ичинде егов парталында 37 миллион мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн. Астана экономикалык форумунун серепчилери системалык жана координациялык жумушту анализдеп, 67 миллиард тенгелик инвестиция жана Дүйнөлүк экономикалык форум эл аралык рейтингинде «Инвестицияга жөндөмдүү» индикаторундагы чоң секирикти  эске алып, дүйнөлүк маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү индексинде 2020-жылы 30-орунду ыйгарышат.