Санариптүү Казакстандын келечеги

Санариптешүү – бул адамзаттын келечеги. Ошондой эле, серепчилер санариптешүү жеке эле технологияларга эмес, адамдарга  да тиешелүү болушу керек дешет. INSEAD аткаруучу мүдүрү Бруно Ланвин технология доорунда замандын талабы деп эсептейт.  Дүйнө жүзүндө өсүп жаткан атаандаштыкка туруштук берүү үчүн өлкөлөр өз экономикасын санариптештирүүсү зарыл. Жаңы технологиялык жарышта жүрүп, адамзатты окутууну да унутпоо керек, дейт Бруно Ланвин. Кадр маселесинде «санариптүү» акыл эстүүлүк артыкчылык болушу шарт.

БРУНО ЛАНВИН, INSEAD АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Казакстандагы санариптешүү шарттары өз нугунда бара жатат. Мамлекетте бул кырдаал боюнча так иш алып барылууда жана аталган чөйрөгө инвестиция да жеткиликтүү. Санариптешүү процессине таланттуу адамдарды тартуу, алардын квалификациясын жогорулатуу өтө маанилүү экендигин белгилей кетейин. Трансформация учурунда окутуу үзгүлтүксүз жүрүшү керек. Бул эң маанилүү фактор.

Санариптештирүү бизнеске кандай таасир этери тууралуу да ойлонуу маанилүү. IDC компаниясынын вице-президенти Роберт Фэриштин оюнда, санариптүү технологияны колдонуу артыкчылыктуу эле болбостон, кандайдыр бир тобокелдиктерге алып барат. Бул процесстин автоматташуусунан улам жумуш орундарынын кыскарышы, ишкерчиликтеги атаандаштыктын күчөшү. Ошондуктан, серепчинин пикиринде, санариптүү экономиканын шарттарында өз компанияларын куруп жаткан ишкерлер, долбоордун ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн каражатын жаңы технологияларга жумшашы зарыл экенин түшүнүүлөрү керек.

РОБЕРТ ФЭРИШ, IDCнин ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Келечекте компаниялар, маалыматтар камтылган, тез арада чечим кабыл ала турган жасалма интеллектти колдонушат.  Ошондуктан ар бир компанияда маалыматтарды иштеп чыгууда жана аларга таянып чыгарылган чечимдерге жооп бере турган түзүм болушу керек, бул өтө маанилүү. Бул санариптүү трансформация, менин пикиримде, чоң компанияга караганда, чакандарына туура келет.  

Глобалдуу баарлашуу аянтчасы – Астана Экономикалык Форумуна чогулган чет элдик серепчилер бир пикирге келишти. Дүйнө глобалдуу санариптешүү процессине чулганды. Бул кемеге түшкөн, экономикасын жана өндүрүшүн  модернизирациялаган мамлекеттер сөзсүз түрдө ийгиликке жетишет. Ал эми жакынкы убакытта чечим кабыл ала албаган өлкөлөр атаандаштык артыкчылыгын жоготушат.