Казакстандын мыкты стартап командалары өздөрүнүн маалыматтык технологиялар багытындагы долбоорлорду сунуштайт. «Astana Hub» IT-стартаптар эл аралык  технопаркы «Garage» аттуу  алгачкы акселерациялык программасы корутундалды. Стартаптарды өнүктүрүү долбоору 3 айга созулган. Бул убакыт ичинде программага  катышуучулар ишкердик байланыштарын бекемдеп, маанилүү кеңештерди ала алышты. Ошондой эле алар өз долбоорлорун «ЭКСПО-2017» аймагындагы кеңседе иш жүзүнө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. «Demo Day» жүрүшүндө  тайпалар жасалган жумуштун жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Ушуну менен кошо, бул күнү идеялар менен таанышып, түрлүү багыттарга жооп алууга болот. Стартап долбоорлору виртуалдуу чынчылдык, жасалма интеллект жана «маркетплэйстер» сыяктуу багыттарга арналган

МАГЖАН МАДИЕВ, «ASTANA HUB» ЭЛ АРАЛЫК IT-СТАРТАПТАР ТЕХНОПАРКЫ КОРПОРАТИВДИК ФОНДУНУН БАШКЫ МУДҮРУ:

- Бизге бардыгы 13 долбоор түштү. Кээ бир долбоорлор өтө кызыктуу, ала башка да программаларга катышса болот. Мисалы, биздин 3 долбоорубуз «Смарт жолу» программасына өттү. Алар Сингапурга барып Түштүк-Чыгыш Азиядагы бизнести өнүктүрүү менен иш алып барат. Биз алар менен байланышыбызды үзбөй, алардын жетишкендиктерин байкап отурабыз. Акселератордон бөлөк бизде башка да колдоо программалары бар.

НИКИТА СИНЬКОВ, ПРОГРАММАНЫН КАТЫШУУЧУСУ:

- Биз толук циклдүү билеттик платформа жасайбыз. Бул иш жүзүндө Казакстан үчүн өтө уникалдуу софт. Билеттерди сатуунун борбордоштурган системасын жасоо мүмкүнчүлүгү. Бул уюштуруучулар үчүн  гана эмес, өкмөт үчүн да пайдалуу болот. Уюштуруучу, өкмөт менен бирге аракет кылып, билеттердин сатылуусу  тууралуу маалымат жана эсеп алып турат. Биз ал эсеп так жана тунук болооруна кепилдик беребиз. Ошондой эле уюштуруучулар үчүн бул өз кассаларын, онлайн сатууларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

AstanaHub эл аралык технопаркынын башкы максаты – IT адистери менен жалпы инновациялык технологияларды өнүктүрүү. Долбоор мыкты ааламдык тажрыйбаларга таянып отуруп, ишке ашат. Аны куруу идеясы «Санариптүү Казакстан» мамлекеттик программасында айтылган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии