Санариптик технологияларды өнүктүрүү дүйнө боюнча стратегиялык багыттардын бири. Эл аралык серепчилердин  божомолдоруна ылайык, 2020-жылга чейин дүйнөлүк экономиканын 25%   санариптешет. Бүгүнкү күндө  дүйнө жүзүнүн 15тен ашуун мамлекети санариптештирүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга киришип жатат.  Уникалдуу демилгени өлкөнүн  деңгээлине көтөрүү чаралары Казакстанда да аткарылууда. Алдыңкы үлгүдөгү технологияларды жакшыртуу максатында  өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасы иликтенип, тажрыйба алмашуу жыйындары колго алынган.

АСКРА МУСАН, «ЗЕРДЕ» УЛУТТУК ХОЛДИНГИНИН ДЕПАРТАМЕНТ МҮДҮРҮ:

- 2018-жылдын бирдин айынын 2-күнү Алматыда Евразиялык Экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн форуму өткөн. Чогулуштун күн тартибинде каралган башкы  темаларынын бири санариптик технологияларды өнүктүрүү маселелери болду. Үстүбүздөгү бугу айында өтө турчу Астана экономикалык форумунда санариптештирүү суроосу да көтөрүлөт. Панелдик пикир талкуу аянтчасында ааламдашуу доорундагы санариптик технологияларга өтүү, андагы мамлекеттик органдардын ордун талкуулоо болот.

Жалпылап айтканда «Санариптик Казакстан» программасынын башкы максаты - коомдун жашоо сапатын жакшыртып, улуттук экономиканы санариптештирүү. Алдыдагы эки жылдын ичинде жалпы ички өндүрүштөгү IT-секторунун үлүшүн 5 пайызга жеткирүү милдети турат. Дал ушул багыт боюнча 150 миң жаңы жумуш орду түзүлүп, эмгек өндүрүмдүүлүгү  37 пайызды түзөт.  Программанын маанилүү багыттарынын бири - айыл аймактарын интернет менен камсыз кылуу, Казакстандын транзиттик потенциалын  өнүктүрүү, айыл чарбачылыгы жана электрондук сооданы, саламаттыкты сактоо, билим берүү багыттарын санариптештирүү.

АСКРА МУСАН, «ЗЕРДЕ» УЛУТТУК ХОЛДИНГИНИН ДЕПАРТАМЕНТ МҮДҮРҮ:

- «Казпочта» базасында санариптик технологиялардын окутуу ыкмасы жүргүзүлөт. Анда заманбап электрондук соода жүргүзүүнүн ыкмалары үйрөтүлөт. Казакстандын электрондук өкмөтү, мамлекеттик кызматтардын электрондук түрлөрүн пайдалануу боюнча кеңештерди беришет.

Жалпы, өлкөдө маалыматтык технологияларды мамлекеттик секторго киргизүү жумуштары ушул убактан он жыл мурун ийгиликтүү башталганын айта кетүү керек. Ушуга бир гана мисал – Казакстандын электрондук өкмөтү. Алдыдагы 5 жылдын ичинде мамлекеттик кызмат түрлөрүнүн 80 % электрондуу форматка көчүрүлөт. Серепчилер дижитал инновацияларды массалык киргизүү өлкө экономикасына оң өзгөрүштөрдү алып келери шексиз. Ушу жана башка суроолор Global Challenges Summit аянтында талкууланат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии