Казакстан Улуу Британия менен экономиканын ар түрдүү багытында санариптик технологияларды киргизүү жана электрондук өкмөт системасын жакшыртуу боюнча тыгыз карым-катнашты орнотушат. Улуу Британия санариптик технологиялар жана жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орунда.

ДИНАРА ЩЕГЛОВА, «ЗЕРДЕ» УМХ АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр биринчи келишимдер талкууланып жатат. Алардын бири Governmentdigitalservices. Биз алар менен мамлекеттик кызматтардын трансформациясы боюнча келишимге кол коюбуз.  Ушул кызматташтык боюнча биз алардын механизмин ишке ашыруу тажрыйбасын кабыл алгыбыз келет. Ошондой эле алардын ыкмаларын үйрөнүүгө кызыктарбыз.

Британия тарап жаңы рынокко чыгууну кызуу кабыл алды. Кембридждик компаниялар «Astana Hub» сейил багын өнүктүрүү жана Казакстанда 4.0 индустриялык платформасын киргизүү боюнча кызматташууга даяр. Кембридждик инновациялык кластер 25 миң компанияны бириктирет. Алар айыл чарба жана тоо-кен багытында  технологияларды даярдоону санариптик технологияларга үйрөтүшкөн.

СЭМ БОУС, INTELLISENCE.IO КОМПАНИЯСЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ ЖАНА БАШЧЫСЫ:

– Биз тоо-кен индустриясынын эффективдүүлүгүн жана ишмердүүлүгүн жакшыртуучу долбоорлор туурасында сүйлөштүк.  Казакстандын өкмөтү менен бирге иштешүү үчүн биздин технологияларды жүзөгө ашыруу багытында мүмкүнчүлүктөрдү издеп жатабыз.

Мындан сырткары, Астанада жаңы IT университетин ачуу маселеси да козголду. Ал чет элдик университеттердин программаларын пайдаланып билим берет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии