Астанага белек

Казакстандын борборунда Советтер Союзунун баатыры Маншук Маметовага эстелик орнотулат. Астананын 20 жылдыгына батыш казакстандыктар дал ушундай белек камдашууда.  Легендарлуу  баатырдын скульптурасынын эскизин даярдоо үчүн сынак өткөн жылдын аягында жарыяланган. Көпчүлүк долбоорлордун  ичинен Мурат Мансуровдун иши кабыл алынган. Улуу Ата-Мекендик согушта Невель шаары үчүн күрөштө  өчпөс эрдик жасаган баатыр кыздын эстелиги Астанада Жеңиш жана Бөгенбай баатыр проспектилеринин кесилишинде орнотулат. Эстеликке баш аягы жарым миллиард теңге каралган.  

ТАЛГАТ ЖҮСЫПКАЛИЕВ, БАТЫШ КАЗАКСТАН ОБЛУСТУК ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МУРАСТАРДЫ КОРГОО ИНСПЕКЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Азыркы тапта эстелик топурактан жасалып даяр турат. Айкелдин өзүнүн бийиктиги 3,6 метр, ал эми  постамент болжолдуу 2,5 метр. Жалпы бийиктиги 6 метр болоору күтүлүүдө. Эстелик колодон, постамент болсо граниттен жасалат.