Заман талабына ылайык интеллектуалдык армия. Бүгүнкү күндө өлкө аскерлери эң өзөктүү курал-жарактар менен камсыздалган. Мангыштау деңиз чек арачылары тесттик режиминде геомаалыматтык система менен иштөөгө өтүштү. Электрондук картада жээк күзөтү аймактык башкармасына караштуу аскер курамдар жана бардык түрдөгү техникалардын координаттары көрүнүп турат. Чек арада бузуу жагдайы катталган учурда белги берилет. Санариптик үлгүдөгү гео маалыматтык системасы, абадан урунуучу же суу аркылуу келе турган коркунучтардын мизин кайтарууга мүмкүндүк берет. Чек арачылар ушул убакка чейин кагаз карталарын пайдаланып келишкен. Ошонун негизинде, уюшкан кылмыштуулукка каршы даярдыктарга көп убакыт кетчү.

НАЗАР РАХИМОВ, КР УКК ЧК ЖЭЭК КҮЗӨТҮ АЙМАКТЫК БАШКАРМА ШТАБЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- Мисалы, чек аралык байкоо бекеттеринин бири деңиз бетиндеги шектүү суу көлчүгүн байкап калды дейли. Ошол замат анын координаттары  санариптик гео маалыматтык системага түшөт. Электрондук картада ошол мезгилде жүргөн  бардык кемелер менен тик учактардын да координаталары көрүнүп турат. Санариптик үлгүдөгү карта штабды тез чечим  кабылдап, чек ара бузган кемени кармоо үчүн аскер бөлүмүн жиберүүгө убакытты үнөмдөйт.

Мангыштау облусунун Баутино портунда Казакстандын деңиз чек ара флоту үчүн жаңы кеме токтомосу салынууда. Токтомонун аянты 3 гектарды түзөт.  Анын ичинде ангар жана керектүү объектер жайгашып, бир эле учурда 10 кемени батыра алат. Аталган объектти куруу бештин айында башталган.  Токтомо колдонууга ушул жылдын жай айларында берилет.  Адистердин айтымында, бул нерсе чек ара иштерин мындан да эффективдүү кылат.

ТАЛГАТ ТӨРӨБАЕВ, КР УКК ЧК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

Бул жерде 200-300-долбоордогу негизги кемелер болот.  Булар ири чек ара кемелери. Эски токтомо тар болгондуктан мурда катерлер менен кораблдер 2-3 катар болуп турчу. Белгиленген тарип боюнча алар биринин артына бири тизилип бир сапта турушу керек. Эми ушул көйгөй биротоло жоюлат.

Айта кетсек, Баутино порту чек ара күзөтүүчү кемелеринин, Каспийдин түштүк жана түндүк бөлүгүнө тез чыгууга мүмкүндүк берет.



Комментарии