АКШ компаниялары Казакстан экономикасын диверсификациялоо ишине катышууга кызыктар. Чет элдик инвесторлор бул ниеттерин борбор калаада өткөн Америка соода палатасынын форумунда билдирди. Жыйынга катышкандар эки жактын ынтымакташтык дараметин арттыруу багыттары боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү жолдорун талкуулашты. Бул тоо-кен өнөр-жай тармагы, айыл-чарба жана жаңы энергия булактары. Айта кетчү жагдай, азыркы тапта Америка Казакстанга түз инвестиция кылуу боюнча экинчи орунда келет. Эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта АКШдан 50 млрд доллар тартылган. Биздин өлкөдө америкалык капиталдын негизи менен 500дөн ашуун компаниялар өз ишин жүргүзүп келет.

ӨМҮРЗАК ШӨКЕЕВ, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

 - Биз мурдагыдай жеке эле буудайды иштетүү менен чектелбестен, айыл чарбачылыгын диверсификациялоо боюнча иш алып баруудабыз. Бак-дарактарды өнүктүрүү ишин жандандырып жатабыз. Майлуу мөмө-жемиштердин түрлөрүн арттыруубуз зарыл. Мындай шарттарда алдыңкы технологиялар керек болот. Ошондуктан чет өлкөдөн өнөктөштөрдү тартуу жагына көңүл буруп жатабыз.

ДЖОРДЖ КРОЛ, КРгы АКШ ЭЛЧИСИ:

 - Азыр Казакстанда «Шеврон», «Эксон» сыяктуу Американын энергетика багытындагы ири компаниялары  кулачын жайып, өз багыттары боюнча ийгиликтүү иш жасап келүүдө. Бирок азыркы тапта биз, бул жака башка багытта, мисалы: маалымат технологиялары, айыл чарба тармагы жана башка тармактар боюнча иш алып барган компанияларды тартуу багыттында иш алып баруудабыз. Менин оюмча айыл чарба багыттында абдан чоң келечеги бар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии