Дүйнөнүн 51 тилинде «Тынчтык» деген сөз жазылган мемориал

Дүйнөнүн 51 тилинде «Тынчтык» деген сөз жазылган мемориал

Астанада тарыхый жана саясий өзгөчө мааниси бар «Тынчтык дубалы» шаардын көрктүү жерлеринин бирине айланды. Башкы шаардын көркүнө көрк кошкон монумент – Актөбө облусунун Астананын 20 жылдык мааракесине тартуулаган белеги. Эгемендүүлүк аянтында жайгаштырылган эстелик улуттардын  бир түндүктүн алдындагы биримдигин чагылдырат. Ал тынч жашоонун баалуулугун даңазалап, өклөдөгү ынтымакты баалоого үндөйт. Мемориалда дүйнөнүн 51 тилинде «Тынчтык» деген сөз жазылган. Бул долбоорду жасоого негиз болгон идея - Эл башынын «Дүйнө. ХХI кылым» манифести. Ошондуктан монумент баш оона айынын жыйырма тогузу – эл аралык ядролук сыноолорго каршы иш-аракет күнүндө ачылды.

АЛМАСБЕК ЕЛЕУОВ, МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ:

- «Тынчтык» сөзүнүн 51 тилде жазылганы символикалык мааниге ээ. Дүйнөдөгү ар бир эл жаратмандыкка, тынч жашоого умтулат. Биздин Эл башыбыз да тынчтыкка үндөп келе жатат.

Монумент металл жана табигый таштан тургузулган. Архитекторлордун идеясына ылайык, дубалга трансформацияланып, Казакстандын көп улуттуу элине коргоо болот жана бардык жарандарды бириктирүүчү жалбырак түрүндөгү сепилге айланат.

ӨРКЕН КЕНЖЕБЕК, ЖУРНАЛИСТ:

- Мындай тынчтык дубалдар Парижде, Чикагодо бар. Ушундай дубалдын биздин өлкөдө болуусу биз үчүн кубанычтуу жагдай. Мындай эстеликтин курулуусу – Астананын келбетине кошумча көрк кошот.

Казакстандын ядролук курал-жарактан толук баш тартуусу, Азиядагы өз ара иш-аракет жана ишеним чаралар кеңешин куруу демилгеси, дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин курултайын өткөрүү, «Дүйнө. XXI кылым» манифести, Сирия боюнча Астана жараяны – ушунун бардыгы Казакстандын ааламдык коопсуздукту бекемдөөгө кошкон салымы.

РАШАД МАМЕДОВ, АЗЕРБАЙЖАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бул монумент дүйнө коопсуздугу тармагындагы Казакстандын тынчтык саясатынын символу.

Дипломаттын айтымында, жаңы монумент Казакстан үчүн эле эмес, бардык эл аралык коомчулук үчүн тынчтыктын, туруктуулуктун жана коопсуздуктун символу болуп калды.