Залкар жазуучу Мухтар Ауезовдун китептеринин көргөзмөсү

Мухтар Ауезовдун төрөлгөнүнө 121 жыл толушуна карата Семейдеги «Жидебай-Бөрүлү» мамлекеттик корук-музейинде китеп көргөзмөсү өтүп жатат. Келүүчүлөрдүн назарына биринчи жолу залкар жазуучу Мухтар Ауезовдун кол тамгасы коюлган чыгармалары сунушталды. Мисалы, калемгердин «Абай жолу» романынын 1948-жылкы нускасында «Абай музейине арнаймын» деп жазылган. Мындан сырткары көргөзмөдө Ауезовдун башка дагы чыгармалары, чет тилдердеги котормолору коюлган.

МЕРУЕРТ АБЛАМБАЕВА, АБАЙ МУЗЕЙИНИН БАШКЫ ФОНД САКТООЧУСУ:

- Биздин музейдин курулушунун башында ушул Мухтар Ауезов турганын баары жакшы билет. Ал ушул музей үчүн көп эмгек кылган. Ошондуктан анын колу коюлган ар бир китеби музей үчүн, жалпы эл үчүн өтө баалуу экспонат катары белгилүү.