Астанада «Позитив» эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалы өттү

Сүйүү менен өзүн курмандыкка чалуу, кыялдары жана жеңиштери. Астанада «Позитив» эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалында 10 кыскаметраждуу картина сунушталды. Ири маданий долбоор Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн келген режиссёрлордун, сценаристтердин, актёрлордун жана кино дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн башын бириктирди.

НУРГЕЛЬДЫ САДЫГУЛОВ, «POSITIVE» ДОЛБООРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Астананын 20 жылдыгын майрамдоого арналган 10 фильм, 10 кыска метраждуу тасма. Бардык эмгектерде Астанада өткөн окуялар чагылдырылып, борбордо жашап-иштеп жаткан ар кандай кесиптин ээлери жана ар түрдүү жарандар сүрөттөлөт. Жанрлар да ар түрдүү. Жакшы маанай тартуулаган комедиялар, мелодрамалар, драмалар бар. Басымдуу бөлүгү позитивдүү. Тагыраак айтканда тасма көңүлдүү нотада аяктайт. 10 тасмага 13 номинация бар.

Ар бир тасма көрүүчүнү биринчи секунддардан эле өзүнө байлап алат. Анткени тасманын жаратуучулары 15 мүнөттүн ичинде тасманын башталашын, өнүгүшүн жана жыйынтыгын жеткире билиши шарт. Кыска убакыттын ичинде экрандын бери жагында олтурган көрүүчү негизги ойду түшүнүшү керек. “Эң мыкты тасма” номинациясын жеңип алган “Мен сени угуп жатам” тасмасы кандай жаралып калгандыгын тасманын режиссёру Айгүл Аксамбиева баяндап берди.

АЙГҮЛ АКСАМБИЕВА , РЕЖИССЁР:

- Пайда болгон ойдон баштап тасманы ишке ашырууга чейин 1 ай бою бир нерсени гана ойлодум. Дүлөйлөр өлкөсү. Мен күн сайын алар мени өз дүйнөсүнө киргизсе,  мен алардын дүйнөсүн карапайым көрүүчүлөргө жеткирсем деп тиледим. Бул абдан жоопкерчиликтүү эле.

Аталган эмгекте белгилүү орусиялык актриса Ирина Безрукова башкы каармандардын ролун ийине жеткире аткарган. Ал эми өзбекстандык кыскаметраждуу тасмадагы куданын ролун ишенимдүү жана жогорку деңгээлде Мурад Раджбаев аткарган. Артисттин аткарган чебер оюнуна кинофестивалдын серепчилери эң мыкты деген баа беришти.

МУРАД РАДЖАБОВ , ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛ АРТИСТИ:

- Бизде Өзбекстанда тасма өзүнүн табигый, жашоодон алынгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Бул фестивалдын өзүнүн кемчиликтери жана артыкчылыктары бар. Бирок, ал ишенимдүү түрдө алдыга кадам шилтеп бара жатат. Аталган кинофестиваль казак киносунун келечегин аныктайт деп ишенем.

Уюштуруучулар кыскаметраждуу тасмаларды салтка айлантып, жыл сайын өткөрүүгө убада беришүүдө. Жакынкы арада «Positive» долбоорунун жемиштерин республиканын башка да шаарларында көрсөтүү көздөлгөн.