«Томирис» тасмасынын тартуу иштери аягына чыгып калды

«Томирис» тарыхый тасмасын тартуу иштери аягына чыгуусуна аз калды. Тартуу иштери Алматыда эле эмес, Капчыгай, Шонжы жана Бурабайда жүрдү. Белгилей кетсек, «Казакфильм» киностудиясынын тартуу аянтында байыркы Вавилон шаары түзүлдү. Бул иштер жарым жылдык убакытты талап кылды. Мындан сырткары, тартуу иштерине компьютердик графика жаатындагы чет өлкөлүк адистер тартылды.  

АКАН САТАЕВ, «ТОМИРИС» ТАСМАСЫНЫН КОЮУЧУ РЕЖИССЁРУ:

- Чоң сахна, татаал көрүнүштөр. Массовкага 150дөй адам катышууда. Анын баарын компьютер аркылуу көбөйтөбүз. Ошондой эле бул декорацияларды да компьютерден жакшылап оңдоп, Вавилон шаарынын көлөмүн кеңейтебиз.

Тарыхый тасмадагы негизги ролдорду ойной турган актёрлордун бардыгы «Номад» машыгуу лагеринде атайын даярдыктан өтүшкөн. Атка минүү, жаа атуу жана курал колдонууну 2 айда үйрөнүүгө Альмира Турсын да катышты. Ал 15 миң кыз-келиндин ичинен башкы ролго тандалган.

АЛЬМИРА ТУРСЫН, ТОМИРИС ХАНЫШАЙЫМДЫ РОЛУНДАГЫ АКТИРИСА:

- Кызыктуу, ошол эле учурда татаал учурлар көп болду. костюм кийгенде ысыйсың.  Атты чаап чарчайсың. Байыркы персид тилинде сүйлөө кыйынга турду.

Белгилей кетсек, тасма тартуу иштери өткөн жылы тогуздун айында башталган. Ушул убакытка чейин башкы роль менен эпизоддо ойногон актёрлорго арналып миңге жакын, ал эми Томириске арнап 20 костюм тигилген. Ошондой эле, 10 миң курал-жарак жасалган. Тарыхый чыгарма кийинки жылдын жалган куран айында көрүүчүлөргө тартууланат.